Эки мамлекет башчысы бүгүн Исфарада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасын талкуулашат

Эки мамлекет башчысы бүгүн Исфарада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасын талкуулашат

Бүгүн, 26-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, иш сапардагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери каралып, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланат. Ошондой эле эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Атада уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы ошол жерден айтылат.

Эскерте кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптын айтымында, 22-июлда кечки 17:20да Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотобуз дегенде Ак-Сай айылынын тургундары каршы чыккан. Ал эми Тажикстандын чек ара кызматынын айтымында, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыккан. Чыр чыккан жерге Өкмөттөн кимдер барып, кандай чечилгени тууралуу бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.