Матраимов жакындары жашырган 24 млн 275 сом салыгын төлөдү. Спикер Жумабеков аялынын салыгын качан төлөйт?

Матраимов жакындары жашырган 24 млн 275 сом салыгын төлөдү. Спикер Жумабеков аялынын салыгын качан төлөйт?

Президент Сооронбай Жээнбеков салык боюнча тапшырма бергенден бери Финпол кыймылдай баштады. Алар байлыгы боюнча элдин көңүл борборунда турган мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу иштерди мурдагы күнү (24-июлда) ачыктады. Тагырагы, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык фирмалар төлөнбөй калган 24 млн 275 миң сом салык төлөнгөнү тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирген.

Алардын маалыматына таянсак, Матраимовдор ээлик кылган «Д.Т», «ТКА», «Т.Т» ачык акционердик коомдору текшерилип, ушул үч ишканадан 18 млн. 33 миң 267 сом салык жана Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк «Е.Е.S.» компаниясы да текшерилип, көз жаздымда калган 6 млн 241 миң 728,71 сом салык төлөнгөн. Мындан тышкары, Финансы полициясы Райымбек Матраимовго жана анын жубайына жазылган декларациядагы мүлктү жарыялаган. Ысык-Көлдөгү коттеж, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаа катталган. Мекеме Матраимовдун Бишкекте жана Ошто батирлери бар экенин аныктаган.

Спикердин калпы калкып чыкты

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө карата алкышка суктанган спикер Дастан Жумабековдун калпы калкып чыкты. Декларацияга жазылбай, жашырылган жубайынын фирмасы, төлөнбөгөн салыгы тууралуу коомчулукта кызуу талкуу болууда. Атүгүл аны кызматынын кетирүү боюнча Таласта кол топтолуп жатат. Ал эми өзүнчө тема. Декралацияга келсек, Declarator.politmer.kg сайтынын жазганына таянсак, ал жубайы Алина Кушубековага таандык фирма тууралуу декларацияга жазган эмес. Андан сырткары, спикердин декларацияда көрсөтүлбөгөн «Артисбек Ата балдары» айыл чарба кооперативи да бар экени тастыкталды.

Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Аялым ишмердүүлүгүн токтотту»

3-июлда спикер Д.Жумабеков журналисттерге жыйын өткөргөн. Ошондо жубайынын бизнеси жөнүндө суроо болгондо ал аялы «Ал-Био Фарм» ЖЧКга ээлик кыларын мойнуна алганы менен ушак-айыңдан кийин токтотуп койгонун айткан. «Аялыма таандык кичинекей компания бар экенин моюнума алам. Бирок жакынкы убакыттан бери ар кандай ушак сөздөрдөн алыс болуу үчүн ишмердүүлүгүн токтотту. Өзүбүзгө эмне тиешелүү болсо, баары декларацияда көрсөтүлгөн. Керек болсо ачып, көрүп алсаңыздар болот»,-деген эле.

Аттиң, ката жазса, каратып туруп калп айтса, орусча тың билбесе, кантип спикер болуп жүрөт? “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, Атамбаев калп айткан жагынан өзүнө окшоштурдубу, айтор, толгон депутаттын ичинен тандап, “Манастын урпагы” деп мактап спикерликке алып келгенин баарыбыз эле билебиз. Кадр маселесинен аксаганыбыз үчүн өлкө өнүкпөй, экономика эңшерилип турат да.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.