Трамп Зеленскийге телефон чалып, эмнелерди айтты?

Трамп Зеленскийге телефон чалып, эмнелерди айтты?

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон чалып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен куттуктады. Зеленский ага ыраазычылык билдирди. Эки өлкө башчысы алгачкы эле жолку сүйлөшүүдө эки өлкөнүн энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын айтканы менен датасын так айткан эмес.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 20-майында Зеленский президенттик кызматына киришээри менен Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып жиберген, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 21-июлда өткөн. Парламенттик шайлоого өзүнүн «Эл кызматчысы» («Слуга народа») партиясы да ат салышып, утуп чыккан. Бүгүн, 26-июлда, Украинанын БШКсы 26-июлда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 43,16 пайызын алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.