(ВИДЕО) АЧЫК КАТ: “Сооронбай Шарипович, коррупционер Капаровдун ишин текшерүүңүздү суранабыз!”

(ВИДЕО) АЧЫК КАТ: “Сооронбай Шарипович, коррупционер Капаровдун ишин текшерүүңүздү суранабыз!”

 

Сүрөттө: О.Токторалиева. Сүрөт Некс ТВныкы

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Байрак айылынын тургуну  Орозкан Токторалиевадан биздин alakan.biz сайтка президенттин атына жазылган кайрылуу менен ВИДЕО келип түштү. Анда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз (коррупциялык) иштерин жазып, мамлекеттик комиссия түзүп, аны текшерип, жоопкерчиликке тартууну суранышкан. Бул тууралуу буга чейин деле бир нече жолу президентке кайрылып, жооп болбогон соң, биздин сайт аркылуу үндөрүн жеткирип жаткандарын баса белгилешкен.

КАЙРЫЛУУНУ толугу менен (оңдоосуз-түзөөсүз) төмөндөн окуй аласыздар!

КРнын президенти

С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу

Кызыл-Байрак айылынын тургуну

Орозкан ТОКТОРАЛИЕВАдан 

АЧЫК КАТ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз, Сиздин атыңызга мурда бир нече жолу арыз менен кайрылганбыз. Ал арыздарда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз иштерин жазганбыз. Биздин арыздарды Республикалык Мамлекеттик комиссия түзүп текшеришин суранабыз. Себеби, Ош облусунун укук коргоо жана мамлекеттик органдары коррупционер Ш.Капаровду калкалап, карапайым элде: “Президенттин коррупция менен күрөшөм!”,- деген саясатына үмүтсүздүк жана нараазылык туудуруп жатышат.

Айыл аймактын Жаңы-Турмуш айылында Өзбекстан менен чектеш «Достук» чек ара, бажы бекети бар. Ош шаарынын чек арасы менен чектеш болгондуктан жана Өзбекстандын «Достук» чек ара, бажы бекети жайгашкандыктан, Ишкаван айылында «Байбол» базары, Навои, Курманжан Датка, Бекмамат Осмонов көчөлөрүндө, Жаңы-Турмуш айылынын Достук участкасында көп, жүздөгөн дүкөндөр, акча алмаштыруучу жайлар, кафелер, ресторандар, медицина борборлору, автомашина оңдочуу устаканалар, автомашина жуучу жайлар, мончолор, Андижан айылында Кыргызстан-Өзбекстан кир жуучу машина иштеп чыгаруучу кошмо завод, цехтер иштеп, салыктарын төлөп жүрүшөт.

Ошондой эле, Ош шаррынын жаңы автовокзалы биздин аймакта жайгашкан, бензин куюучу жайлар көп. «Достук» бажы бекети алдында базар, автостоянкалар, көптөгөн дүкөндөр күнү-түнү иштейт. Айыл аймакта көптөгөн рекламалык щиттер жайгашкан. Ошондой көп ишканалар болуусуна карабай, жергиликтүү бюджетибизде 32 миллион сом, өткөн жылдагы калдык акчалар менен 50 миллион сомго жетпейт.

Бюджет көбөйтүү үчүн ошончо мүмкүнчүлүгүбүз болгону менен, эмнеге жергиликтүү бюджет акчасы бир нече жүз миллион болбой жатканы, бизге түшүнүксүз?.. Себеби, «Азаттыктын» иликтөөсүндө көрсөткөн «Достук» чек арасында жайгашкан Өзбекстанга жүк ташуучу 8 гектарлуу автостоянка биздин аймакта жайгашкан. Бирок, бюджетке түшкөн ошол акчаны дагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров бюджет акчаларын сарамжалсыз пайдаланып, смета бааларын, курулуш материалдарын, курулуш иштердин баасын атайын ашырып көрсөтүп бюджет акчаларын сарамжалсыз, экономдобой жатат.

Мисалы, ар жылы, май-октябрь айларында айыл аймактын бардык жети айылында таза суу тартыш болот. Ичимдик суу 2-3 күндө бир жолу, аз эле чыгып токтоп калат. КР Президенти С.Ш. Жээнбеков бардык жергиликтүү органдардын башчыларынан таза суу менен бардык айылдар толук камсыздашын талап кылган. Ш. Капаров жай айларында бардык жети айылга таза сууну элге жеткирүү боюнча эч кандай иш кылганы жок. Натыйжада, ар жылдын май-октябрь айларында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 50 миң эли кыйналып жатат.

Президентибиз жана эл айткан көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн акча жок деген Ш. Капаров ошол эле убакытта коррупциялык жол менен баюу максатында, сметалардагы баасы ашык көрсөтүлгөн курулуш жана ремонт иштерине көп акча каражаты ажыратат. мисалы, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратын ремонттоо үчүн 11-12 миллион сом (ал акчага жаны 3 кабаттуу имарат курса болмок), Жаңы-Турмуш айылынын ФАПтын кичине 4 комнатасын куруу үчүн эки жарым миллион сомдон ашык, Ишкаван айылындагы 30 орундуу, бала бакчанын 4 комнатасын куруу жана брусчатка коюу үчүн 4 миллион 300 миң сом, №65 М. Сабиров атындагы мектеп отоплениясын ремонттоо үчүн 5 миллион 942 мин сом акча каражат ажыраткан. М. Сабиров атындагы мектеп темир тосмосу үчүн алынган темир материалдар ошол убакыттагы базар баасынан эки барабар кымбат баага приход кылынган.

2018-жылы көмүр сатып алуу үчүн тендер (портал ЭГЗ № 180706111976281) өткөрүлгөн. Бирок, 1 789 524 сом менен 1-орунду алган Капарова Кулпунай жана 2 339 044 сом баа менен 2-орунду алган Осмонов Асадулла менен эмес, эң жогору 2 633 135 сом баа менен 3-орунду алган Аттокуров Кубатбек менен келишим түзгөн. Натыйжада, бир эле тендерде мамлекетке өтө ири өлчөмдө 843 миң 611 сом материалдык зыян келтирилген. 2019-жылы көмүр сатып алуу тендерде (портал ЭГЗ № 190703171733578) ошол эле адамдар Аттокуров Кубатбек, Капарова Кулпунай дагы катышып жатышат. “Бул болсо дагы коррупция схемасы колдонулбас бекен?” деген шек жаратып жатат.

Жергиликтүү бюджет эсебинен каржыланган андай коррупциялык мисалдар көп. Бирок, Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат. Муниципалдык менчикти сатуу жана ижарага берүү багытында дагы мыйзамсыз иштер көп. Мисалы Матраимовдордун «Исмаил-Ата» фонду тарабынан 2015 жылы курулган эки стадиондон жергиликтүү бюджетке 2018-жылга чейин бир сом акча түшкөн жок. 2017-2018-жылдары бир нече кайрылууларыбыздан кийин, Бостон участкасындагы стадионду айына 50 200 сомдон, жылына 602 400 сомдон ижарага берилди. Бирок, 2019-жылдын март айында ижара акысын бир нече барабар мыйзамсыз азайтып салган. Андижан айылында 2015- жылы курулган стадиондон бюджетке акча бир нече жылдар түшпөгөн. Ош шаарынын чек арасынан 100 метр аралыкта жайгашкан “Төлөйкан” ооруканасынын 380 квадрат метр муниципалдык имараты базар баасынан бир нече барабар арзан, болгону айына 1000 сомдон ижарага берилген. Капаров көз карандысыз баалоочу менен келишип, ал муниципалдык мүлктүн баасын бир квадрат метрин болгону эки сомдон баалап, мамлекетке өтө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген. Бир нече кайрылууларыбыздан кийин, 2018-жылдын март айында ижара акысын болгону 9 миң сомго көтөрүп коёт. Бирок, бул акча да аз. Себеби, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин токтому менен муниципалдык менчикти ижарага беруу акысы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 1 квадрат метри 50 сомдон 200 сомго чейин белгиленген. Ош шаарында 1 комнаталуу 20 квадрат метр квартира айына кеминде 10 миң сомдон ижарага берилет. Капаров болсо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 380 квадрат метр муниципалдык имаратты 2018 жылга чейин 1 квадрат метрин эки сомдон болгону 1000 сомдон, 2018-жылдан болгону 9 миң сомдон ижарага берип жатат. Суроо туулат, коррупциялык схемалар менен муниципалдык менчиктин баасын мыйзамсыз арзандатып, ортодогу айырмасы кайсы коррупционердин сол чөнтөгүнө түшүп жатат?.. Ошондой эле Капаров көптөгөн гектар-гектар ыңгайлуу жерлерди мыйзамсыз ыңгайсыз деп жасалма документтер жасатып, көз карандысыз баалоочуу менен келишип, Ош шаарына чектеш жайгашкан жерлерди өтө арзан баада баалатып, ортомчу-кошелёкторуно өтө арзан баада сатып, бюджетке арзыбаган акча түшүрөт. Ал жер тилкелерди ортомчу-кошелёктору аркылуу 5 сотик жер тилкесин 10 миң доллар жана андан да жогору базар баасы менен сатып, коррупциялык схемаларды колдонуп, мыйзамсыз байыган. Коррупциялык иштерди токтот дешибизге карабай, азыркы күндө дагы Ишкаван айылында 1 гектар жерди, Бешкапанын 56 сотик суулуу жерин сатууга даярдап койду. Ош шаарынын чек арасында жайгашкан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жерлери өтө кымбат, ошону Капаров арзан баада баалатып, бюджетке арзыбаган тыйын түшүрүп, мыйзамсыз байып жатат.

Үй-жай куруу үчүн жер тилкелерди ажыратууда Капаров коррупциялык схемаларды колдоп, жер мыйзамдарын одоно бузуп, кезектүүлүк тартибин сактабастан, коомдук угуулар өткөрбөй, социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдү ажыратпай, кошелёктору аркылуу карапайым элдин паспортторун сатып алып, алардын аттарына жер ажыратуу жөнүндө токтом чыгартып, кол тамгаларын жасалмалап, Кызыл китептер даярдатып, жер тилкелерди башка жактан келген байларга кошелёктору аркылуу сатып жатат. Ал жерлерди алган адамдардын ичинде укук коргоо органдардын жана мамлекеттик башкаруу органдардын өкүлдөрү бар болушу мүмкүн. Себеби, алар Капаровго эч кандай мыйзамдуу чара көрбөй, крышасы болуп, калкалап жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков: “жергиликтүү органдардын башчылары чет эл инвесторлорун Кыргызстанга тартсын!”,- деп ар чогулушта айтып жатат. Бирок, Капаров чет элден инвестор тартып келген адамдарга жардам берүү ордуна, элди уюштуруп, уруштуруп жатат. Капаровдун бул иши мамлекетке чыккынчылык.

Ишкаван айылында мурда 5 гектар жери менен Аэропорт болчу. Госрегистр карталарында ал жер «Западный Аэропорт города Ош» деп аталат. 2010-жыл окуяларында ал Аэропортко Бишкектен самолёттор, вертолёттор конгон. 2009-жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер  адиси Хамидилло Мадалиев «Бостон» кооперативинин протоколун жасатып, ал Аэропортту ижарага берүү керек деп чечим чыгарат. 2011-жылы Кара-Суу райондук сотунун мыйзамсыз токтому менен ал Аэропорт болгону 111 миң сомго жеке менчикке сатууну мыйзамсыз мыйзамдаштырат. Ошол Сотто Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Капаровдун юристи Бакыт Сайдалиев Аэропорт жеке менчикке сатылууга айыл өкмөтү каршы эмес жана жеке менчикке сатууну колдогон. Ош окуясынан кийин коркуп калган өзбек улутундагы болгон Шермухаммад Мирзабаев жана Зокир Хошимовдордон бул мыйзамсыз иштерде пайдаланып, алардын колу менен ал жерди мыйзамсыз сатышат. Бүгүнкү күнү ал жерде ресторан «Эльдорадо Гранд» жана башка мыйзамсыз объекттер курулду. Бирок айылдын карапайым эли менен соттошушту, өзүнө кесип кылып алган Капаров Аэропортту мамлекетке кайтаруу үчүн сотко бербей, тескерисинче Сотто жеке менчикке сатылышына каршы болбой, колдоп, ал жерлерге документтер жасап, Кызыл- Китептерге кол коюп жатат. Аэропорттун 5 гектар жери болгону 111 миң сомго сатылып, азыркы күндө ал жердин 1 сотиги 5 миң доллардан сатылып жатат. Бул болсо Аэропорттун сатылышында Капаровдун аракеттерине шек жаратып жатат.

Ошондой эле, Ош-Араван автожолун боюнда жайгашкан көптөгөн гектар жерлер Капаров убагында жеке менчикке сатылган. Капаровго чейин «Арча» соода үйүнүн жери 2 гектар болсо, Капаров убагында «Арча» соода үйүнүн жери 8 гектар болуп көбөйүп калган. Ошо жер, суулуу жер болгон. Бирок, эмнегедир Кызыл-Кыштактын суулуу жерлери Госрегистр жана Гипрозем карталарында кайракы жана ыңгайсыз жерлер болуп жасалмаланып жатат? Албетте, мыйзамсыз иштерди Капаров жалгыз кылбайт, аны калкалаган, чоң кызматта иштеген аткаминерлер бар. Ошондуктан, биздин үмүтүбүз “коррупция менен аёосуз күрөшөм!” деген Президентибизде, бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, бизди жеке кабыл алууңузду суранабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков: “коррупционерлерди мага айтыңыз, мен ага сөзсүз чара көрөм, камайм, коррупционерлерди айткан адамдарды өзүм жана мамлекет коргойт”,- деген. Биздин үнүбүз Президентке жетпей жатат, Капаров: “Бутуң баскан жерге чейин бар, мага эч ким, эч нерсе кыла албайт!,- деп бизди куугунтуктап, сотко берип, 1,5 миллион сом талап кылып жатат. Бизден башка айылдын карапайым элдерин дагы сотко берип 1,5 миллион сомдон акча талап кылып жатат. Биз көп жолу арыз менен кайрылдык, бирок, Ош облусунун жана Кара-Суу районунун органдары коррупционер Капаров алдында алсыз экен. Ошондуктан, биздин үнүбүз Президентке, Коопсуздук Кеңешине жетсин деп Бишкекке келип, пресс-конференция бердик.

«Эки жылдан бери айыл өкмөтү менен күрөшүп келебиз»

Пресс-конференциядагы сүйлөгөн сөздөрүн төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

P.S. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун жогоруда жазылган иштери боюнча териштирип, өзүнө кайрылып көрөбүз. Экинчи тараптын да сөзүн берүүгө даярбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.