Мар Байжиевдин небереси Назира Бегим “Көчмөндөр модасын” өткөргөнү жатат. Келиңиз!

Мар Байжиевдин небереси Назира Бегим “Көчмөндөр модасын” өткөргөнү жатат. Келиңиз!

Кыргызстанда алгачкы жолу, август айында «Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл — 2019» фестивалы өткөнү турат. Аталган фестивалга дүйнөнүн төрт бурчунан дизайнерлер келип, өз өнөрлөрүн тартуулайт. Мындай иш-чаранын башында журналист Назира Бегим турат. Назира жөн кыз эмес, ал айтылуу Мажит, Керет баатырлардын, Касымалы Жантөшов, Мар Байжиевдин небереси, Анарбек Ибраевдин жээни. Ал учурда уктабай, күнү-түнү фестивалга кызуу даярданып жатат. Чуркап жүрсө да убакыт тапкан, бир кезде манас айткан кесиптешибиз менен кызыктуу маек курдук. 

— Назира, маегибизди алдыда өтө турган эл аралык фестивалдан баштасак. Анын багыты, максаты кандай? Даярдык кандай жүрүүдө? 

— Даярдык жакшы жүрүүдө, 60 пайызы бүттү, оору бүтүп, жеңил нерселер калды. Билеттер да даяр, сатылып жатат. Баасы — 500 сом, бир күнгө, эки күнгө — 1000 сом. Фестиваль Бишкектен (18-19-августта) башталып, Ысык-Көл жээгинен (20-21-августта) жыйынтыкталат. 15 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Россия, Якутия, Индия, Монголия, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Корея, Бурятия, Кипр, Азербайжандан) атактуу дизайнерлер, журналисттер, блогерлер келишет. Эми багыты, максатына токтолсом, Кыргызстанда мода индустриясын өнүктүрүү багытында, биздин кол өнөрчүлөрдүн, дизайнерлердин өнөрүн кеңири жайылтып, дүйнөгө таанытуу максатта эл аралык фестиваль өткөргөнү турабыз, ал «Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл — 2019» аталышта старт алганы турат. Буйруса, мындан ары жыл сайын өткөрүп турабыз. Быйылкысына Кыргызстандан 30 атактуу дизайнерлер катышат. Тагырагы, кыргыз модасын түптөгөн инсандардан студенттерге чейин катышып, үч багытта (этно, этно-авангард,этномодерн) өз эмгектерин көрсөтөт. Жакшы өткөрүп алалы деген ниет менен уюштуруу комитетин түзүп алдык. Алар менен биргеликте, уйкудан калып, күнү-түнү чуркап, иштеп жаткан кезибиз.

— Мындай иш-чаранын идеясы, долбоору кимдики, ага ким демөөрчү болду?

— Мындай иш-чаранын идеясы, концепциясы, талаптары, шарттары мага таандык. Өзүмдүн “PODIUM Люкс Кыргызстан» аттуу журналым бар, ошонун негизинде ушундай долбоорду ойлоп тапкам. Долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ысык-Көл облустук администрациясы, «Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков колдоду. Андан тышкары, эл аралык дүйнөлүк масштабга таанылып калган ассоциациялар да колдоп жатат. Мисалы, “ASPARA” бренд маркасы менен дүйнөгө таанымал болгон Казакстандын белгилүү дизайнери, модельер Айдархан Калиев колдоду. Бизди каржылап, демөөрчүлүк кылган эч ким жок, бирок, өнөктөштөр бар, ортодогу келишим менен иш жасап жатабыз. Дегеним, дизайнерлердин ортосунда чогулган взнос бар, ошол менен ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз.

— Бала кездеги кыялыңдын бири ишке ашып жатат десек болобу?

— Бала кез дегенде эле айылымды эстейм. Айылымды ушундай жакшы көрөм, барганча шашам. Барганда жерге жата калып жыттап жиберем. Айылдын этегинде жайгашкан сонун тоо (комуздун тепкесиндей болгон дөң) бар. Ал жер тепкедей болгону менен мен үчүн аска-зоо. Ошол дөңдүн үстүнө чуркап чыкканды жакшы көрчүмүн, ал жерден ойлонуп отурганга орун да таап алгам. Ушул күнгө чейин сакталып турат. Барган сайын ошол ордума барып Ысык-Көлүмдү, айылымды үстүнөн карайм. Айылыбыз алаканга салгандай көрүнөт. Бала кезимде ошол жерге отуруп алып айылымды суктанып карап, көп кыялданчумун. Кичинемде эле алдыма чоң максаттарды койгом. Максат десе эле атактуу жылдыз болуу эмес, эл керегине жараган, жөнөкөй адам болуу. Бала кездеги кыялдарым четинен ишке ашып келатат.

— Кыял аткарыла берет экен, болгону мүнөз өзгөрөт тура. Мурунку менен азыркы Назиранын айырмасы барбы?

— Ооба, бар. Мен мурда жумшак, оюмду ачык айта албаган, тартынчаак, басынган кыз элем. Турмуштун чоң сыноолору өзгөрүүгө алып келди. “Адамдын жумшагын адам жейт”,-деп бекер айтылбаптыр. Канчалык жумшак болсоң, ошончолук адам башыңа минип алат экен. Азыркы Назира ак менен караны аңдай алат, катуу. Бирок, өзүм тийишпейм, тийишкендин катыгын берем. Ошондон уламбы, айтор, мени “стерва” деп калышат. Мен андай эмесмин, адамдын деңгээлине жараша гана жооп берем. Азыр мен өзүмдү өзүм тарбиялап, талапты катуу коюп калган Назирамын. (Күлүп) Мени көбү таластык деп ойлошот экен. “Эмнеге?” деп сурасам, “дерзкий” жүрөсүң”,- дешет. “Көлдүкмүн. Көлдө бир ак куу бар, ошол менмин” деп тамашалап калам. Ак-Суу районуна караштуу Тепке айылында төрөлүп, өскөм. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам фермер, сугатчы, санжырачы болчу. Комуз, гитараны жакшы чертчү. Китепти көп окучу. Атам көп кырдуу таланттуу, айылдын кадыр-барктуу адамы болгон. Атамды аябай жакшы көрчүмүн. Быйыл көзү өтүп кетти. Мага ушул убакта, ушул мүнөттөрдө керек эле. Атамдын кеңешине, колдоосуна, дем, күч берген сөздөрүнө, караанына, чекемден өөп, айткан акылына муктаж болуп жүрөм. Турмуштун жолун кээде тапсам, кээде таппай калып, томсоруп, атамды эстеп, сагынып, күндө ыйлачумун. Атамсыз төрт ай өттү. Атамды кыйнабайын деп кое бергениме аз гана убакыт болду. Чынын айтсам, атамсыз жашоом эмне болуп өтүп жатканын жана ал кандай болоору деле мага белгисиз… Балким, акыркы сапарга узатып калганымда мынчалык кыйналбайт белем?! Атамдай мага ак тилек кылгандай, коргогондой инсан табылаар…

— Ал инсандын бири – алтындай болгон апаң да?..


— Ооба, апам. Апам мектепте мугалим болуп иштеген, орус тилинен сабак берчү. Ошондон улам орус тилин жакшы билип калдык. Беш бир туугандын улуусумун. Эки иним, эки сиңдим бар. Балалык кезибиз жакшы өттү. Апамдан аялзатына тийиштүү бардык нерсени үйрөндүм. Кол өнөрчүлүктү жакшы билем, өзүмө сеп жасагам. Бир түндө эле септи бүтүрүп койчумун. Баары таңкалышчу. Тамактын түрүн, даамдуу жасайм, ал жагынан да алдыга киши салдырбайм. Конок тоскондо бардыгын өзүм жасачумун. Азыр деле ошондоймун, мен айылга барганда жеңелерим жыргап калат, ашканага баш бакпай. Эч кимди ашканага баш бактырбайм, баарын өзүм жасайм. 10, 20 кишини өзүм тейлеп коем. Мындан тышкары, кийим токуйм. Бала кезде жүндү көп тытчубуз. Жүн тытканда апам: “Мойнуңа жеткирсең, периштелер конот”,- дечү да. Анан периштелер консун деп мойнума жеткире тытчумун. Кийиз кылып, шырдак шырыганды да билчүмүн. Чоң энем, таянем да колунан көөрү төгүлгөн уз-чеберлер болгон. Сайма сайчубуз. Кыскасы, сонун убакта чоңоюп, өстүм. Тандыр нан жаап, ат, эшек минип, кап картошка көтөргөн күндөр да болду. Гектарлап жер иштетчүбүз. Ар нерсе, бир нерсе, гүл, бак отургузганды жакшы көрчүмүн. Апамдын сонун гүлдөрү бар эле. Ал учурда адамдардын да пейили, таалим-тарбиясы башкача болчу. Жакшы тарбия алып, ошол заманда төрөлүп калганыма сүйүнөм. Мен К.Жантөшов атындагы орто мектепте 5-класска чейин айылда окудум, анан Балыкчыда, Бишкекте окудум. Атам карындашына мени берип койгон. Алар аскер адамы эле, алардын ар кайсы жакка көчүп-конуп жүргөнүнөн тажап кетип, 9-класста кайра айылга кетип калгам. Мектепти айылдан бүтүрдүм. Активист болчумун: манас айтчумун, ыр жазчумун. Манас айтуу боюнча республикалык конкурстарга чейин барып, жеңип алган күндөр болгон. Манастын чоң казатка барган жерин атамдан үйрөнүп, жаттап алып айтчумун.

— Манастан башка кайсы китептерди окудуң эле?

— Атам архивдерди көп чогултчу. Бардык китеп бар болчу, каалаганыбызды окучубуз. Өзүнчө эле китепкана эле. Мугалимдер атамдан китеп сурап кетчү. Атам санжыраны да жакшы билчү. Алдын ала бир нерсени айтып койчу касиети да бар болчу. Бир жолу айылда чоң той болуп, күн аябай ысык болуп жатканда, атам: “эртерээк жыйналбасаңар, жамгыр төгөт”,-десе, эч ким ишенбей коюшкан. Үч сааттын ичинде атканындай эле болду. Ошону көрүп таңгалгам. Анан ошол боюнча орусча макалаларды жазып чыккам, “Ходячий синоптик” деп. Аба ырайын атамдан үйрөнүп алгам, булутка карап, кандай болоорун билип коем.

— Тукумуңарда болсо керек?

— Ооба, чоң атам ошондой киши болгон экен. Айтылуу Мажит, Керет баатырлардын, Касымалы Жантөшов, Мар Байжиев жакын тууганыбыз болот, менин чоң аталарым. Анарбек Ибраев таякем. Мен ушундай туугандарым менен сыймыктанам.

— Биз, кыргыз эли сыймыктанган инсандардын тукумунан турбайсыңбы. Мен үчүн өтө чоң ачылыш болду. А эмне үчүн ырчы, артист, жазуучу болбой, журналист болуп калдың?

— Келечекте журналист болууну каалагам. Журналист болуп келатканыма 18 жыл болуптур. Ушул кесибим аркылуу көптөгөн адамдар менен таанышып, алардан көп нерсе үйрөндүм. Журналисттик кесипти КТРдеги радиодон баштагам. Анда башкы директор Калыбек Тайтекеев эле. Ал жерден раматылык Тамара Алсеитова эже менен чогуу иштеп калдым. Радиого кыска эле жаңылык берилет да, эки мүнөткө батыруу керек, ошону жаза албай эсим оой берчү. Аны Тамара эже үйрөткөн. Аны айтасыз, “ассоциация” деген сөздү айта албай, кыйналып жүрдүм. Оозума жаңгак салып атып үйрөнгөм. Ысык-Көл ТВда иштегем. Көптөгөн гезит, журнал, сайттарда иштегем. Бирөөгө баш ийе албаган адам экенимди билип, эркин журналист болууну чечип, өз алдымча кеткем. Азыр өзүмдүн журналым бар, ал азыр жаш, бутунан тура элек. Кас-кас туруп атат, чуркап кетээр күн да келээр. Бул дагы өзүнчө балаң болуп калат экен. Баланы чоңойтуп, өстүрүп, үйлөнтүп-жайланткандай эле… Журналдан тышкары, Nisa аттуу фондум бар. Аталышы Куран тилинен алынды, “аял” дегенди билдирет. Кайрымдуулук иштерди жасап жүрөм, чакан командам бар. Буйруса, акырындап ийгиликке жетип келатам. Ар бир жеткен ийгилигиме ата-энемдин салымы чоң. Жамандыкты жеңип, жакшылыкка умтулуп, ийгиликке жетүүнү ата-энемден үйрөнгөм. Башымдан көп нерсе өттү. Көчөдө калган, подъезде түнөгөн, кош бойлуу кезимде идиш жууп иштеп жүргөн күндөр артта калды. Окуп да, иштечүмүн. Ал ортодо кризис болуп, окуумду таштап койдум. Жашоонун татаал жолунда урунду-беринди болдум. Турмушка чыктым, ажырашып кеттим.

— “Кайра да турмуш курду” деп уктук эле. Канчалык чындыгы бар?

— Менин жеке жашоомду сурап, кызыккандар көп. Чынын айтсам, аны айткым келбейт. Кызым бар, ата-энемден алган тарбияны берип, чоңойтуп келатам. Кызымды сөз кылганда балалыгымдагы кылыгым эсиме түштү. Англис тилин жакшы көрчүмүн, боор менен жазбаган шифоньер, каалга калган эмес. Атам мени Нану деп эркелетип, “душманыңды жеңгендей жаша!”,- деп көп айтчу. Ал учурда бул сөздүн терең маанисине түшүнбөпмүн. Көрсө, турмуш сен ойлогондой болбойт тура: бирде ач, бирде ток, бирде төө минип, бирде жөө жүрүп, бирде ыйлап, бирде күлөт экенсиң. Көрө албас, ичи тар, эки жүздүү адамдарга да жолугат экенсиң.

— Сен өзүңдү сын көз караш менен карай аласыңбы?

— Ооба, карай алам. Ошон үчүн жашоом оңолду да. Адам өзүнүн кемчилигин оңдобосо, жашоосу оңолбойт. Күнүгө, кечинде бир күндүк кылган иштериме көз жүгүртүп, “бүгүн эмне иш кылдым, каерден ката кетирдим?”,- деп, кетирген ката болсо эртеси оңдойм.

— Дин жолуна кандайча келип калдың эле? 

— Кичинемден эле атамдын Куран китептерин көрүп, окуп, чоңойдум. Айылда куран окулган жерге жалгыз менин атам чакырылчу. Атамдан куран окуганды үйрөнгөнбүз. Турмушум бузулганда депрессияга түшүп, кейиген күндөр көп болду. Кыйналып жүргөндө тигүүчү цех ачып, аскер кийим тигип, сеп жасачумун. Ден соолукка байланыштуу аны токтотуп, кайра калемиме (журналистикага) кайтып келдим. Инилерим да беш маал намазга жыгылат. Үй-бүлөмдөн эң биринчи жолу жоолукту мен салындым. Ар бир адамдын өзүнүн каалоосу болуш керек. Жүрөгүндө ыйманы болуу зарыл. Ыйман — бул адамгерчилик, жөнөкөйлүк. Текеберчилик, көралбастык ыйманга жат көрүнүш. Бир депутат: “мен маршруткада жүргөн кесиптештеримден уялам”,-деп айта калам деп шылдың болду го. Мен ошентип айткан адамдан уялам.

— “Уялам” дегендерди Атамбаев “чимкирик” деди го. Ушул “чимкириктин” көбүн өзү алып келип, башкарды эле го… Кандай дейсиң?

— Ооба, өзү алып келген. Азыркы депутаттарды мен эл өкүлү дебейм. Мөөнөтүнөн мурда тарап эле кетишсинчи. Кнопка баскандан башка эч нерсе кылышкан жок. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга Матраимовдордун тоюна баргандай спикер баш болуп барышпайт беле? Эмнеге барышкан жок? Атүгүл сөз кылып да коюшкан жок.

— Биздин эркектерде намыс деген жок экен. Кийинки күнү улуттук кийимибиз: чепкен, калпакты аял кишиге кийгизе баштады. Жакында эле ага камчы кошулду. Бишкекке келип кеткен Бузовага белекке беришти. Муну сен кандай кабыл алдың?

— Эч таң калган жокмун: «Биринчи сары, экинчи сары » деп эле атап койдум!  Чепкен менен калпакты алып барып кийгизген эркек Бузованын юбка, жанагы жалтырак көйнөктөрүнөн алып калса болмок экен. Ошол белекке берген адам кыргыздын үрп-адат, нарк-насил, каада-салт, тарыхын окуганбы? Ар бир улуттук кийимдин өзүнүн даңкы, баркы бар. Ушуларды карабай Маданият министрлиги эмне кылып отурат?

Ольга Бузова ким өзү? Ал бизге эч ким эмес. “Дом 2” реалити-шоудан чыккан, “Инстаграммда” 16 млн подписчиги менен мактанган, баскан-турганын жаңылык кыла берген орус кыз. Анын болбогон жаңылыгын окуп, жылаңач кийимин карап отурганча өзүбүздүн, кыргыздын улуттук кийимдерибиздин тарыхын окуп, элечек, саймалуу, оймо салынган сонун көйнөктөрүбүздү суктанып карабайлыбы?! Ойлон, кыргыз! Баркыңды, даңкыңды ойло, кыргыз! Эң башкысы кыргыз экениңди унутпа!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “Мар Байжиевдин небереси Назира Бегим “Көчмөндөр модасын” өткөргөнү жатат. Келиңиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.