СҮЙҮНЧҮ: Таксист Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыгып, Кыргызстанга кайтып келди (ВИДЕО)

СҮЙҮНЧҮ: Таксист Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыгып, Кыргызстанга кайтып келди (ВИДЕО)

Эсиңиздерде болсо керек, былтыр Чыңгыз Анарбек уулу Москвада футбол чемпионатынын маалында кокустукка учурап, соттолгон. Ал Москвада таксист болуп иштеп жүргөндө жол жээгинде турган адамдарды машинасы менен сүзүп кетип, эки айга камакка алынган. Ага Москванын Тверь соту 264-берене («Жолдо жүрүү жана транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу») менен бир жыл алты айга мажбурлатып иштетүү, ошондой эле андан 500 миң рубль айыппул төлөө чечимин чыгарган. Аны уккан биздин мекендештер капа болуп, социалдык түйүндөрдө аны колдоп жазып, атайын эмес, кокустук экенин баса белгилешкен. Чыңгыз Анарбек уулу өзү да суракта адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Ошондой эле ал ичкилик ичпегенин, жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан кечирим сураган.

Сот кыскарып отуруп, акыры кутулуп, аман-эсен Кыргызстанга бүгүн кайтып келди. Апасы экөө кыргыз элине, президент, премьер-министрге, “Замандаш” партиясына ыраазычылыктарын билдирди. Ал төмөндө:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.