ТИЛЛА АПА: “Баламдын эркиндикке чыгышын күн санап күтүп жатам” (ВИДЕО)

ТИЛЛА АПА: “Баламдын эркиндикке чыгышын күн санап күтүп жатам” (ВИДЕО)

Кайдагы бир шылуун Маевскийдин жалган жалаасы, Атамбаевдин көрсөтмөсү  менен абакта отурган Өмүрбек Чиркешовичтин туулуп-өскөн Акман айылына super.kg сайтынын журналисттери барып, Тилла апа, мугалими, классташтары менен маектешип келип, аны Ютубга жайгарышты.

Журналист: “21-августта Жогорку Сотто иши кайра каралат, акталат деп ойлойсузбу?

Тилла апа: “Кудай кааласа чыгат деп ойлоп жатам, күн санап. 16да чыгат деп ойлогом. Балам бекер эле отурат”.

Өмүрбек Текебаевдин 91 жаштагы апасы баштаган маекти төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, 16-августта, Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу сот отуруму болмок. Ал күнү да шылтоо менен 21-августка жылдырып коюшкан. Августта акталып, эркиндикке чыгат деп бардык эл күтүп жатат.

Өмүрбек Текебаевдин апасы жөнүндө айткандары

Өмүрбек Чиркешовичтин апасы жөнүндөгү маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.