Аида Салянованын саламаттыгы тууралуу Асия Сасыкбаева Мелис Турганбаевге кайрылды

Аида Салянованын саламаттыгы тууралуу Асия Сасыкбаева Мелис Турганбаевге кайрылды

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаевге кайрылды. Аны эч өзгөртүүсүз беребиз. Ал төмөндө.

Урматтуу Мелис Токтомамбетович!

Сизге аргасыз кайрылууга Аида Салянованын учурдагы ден соолугунун начарлаганы түрткү берди. Акыркы жылдарда күч структураларында, прокуратура, соттордо адамгерчилик, адилеттүүлүк, адекваттуу ой жүгүртүү деген түшүнүктөр такыр жок калгансыйт. СИЗОдо ооруп жаткан адамдарга кыйноо мамиле болуп жатат. Аида Салянова оор абалда экенин докдурлар дагы билишет. Адекваттуу дарылануу болбой жатканын билмексенге салып коюш, оорулуу адамга мындай мамиле жасоо — бул кыйноого барабар жана кылмыш катары бааланат. Жакында эле 25 жаштагы жаш жигит жүрөк оорусунан СИЗОдо каза болду. Бир нече жолу кайрылса да, карап коюшкан жок. Ал жерде жетиштүү дарылоо мүмкүн эмес экени айтылган, бирок биздин мамлекеттик система гумандуу болбой жатканын көрүп турабыз. 37-жылдарды кайталабайлы, Аида Салянова медициналык жардамга абдан муктаж, кардиологияга жаткызып дарылаш керек!

Мелис Токтомамбетович!

Камерага барып, Аида Салянованын абалын көрүп, саламаттыгына көңүл бурууңузду суранам! Качан ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу болгондо гана биз мамлекетпиз деп сыймыктанабыз! Алдын ала чоң рахмат жана сизге ишенебиз!

«Аида Салянованын жүрөгүнө тезинен операция жасаш керек!»

Бул тууралуу кечээ, 30-июлда, Аида Жеңишбековнанын сиңдиси Чынара Турдалиева тынчсызданып билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз»

 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.