Чынара ТУРДАЛИЕВА: «Эжемдин жүрөк оорусу күчөп кетти, тезирээк операция кылуу керек!»

Чынара ТУРДАЛИЕВА: «Эжемдин жүрөк оорусу күчөп кетти, тезирээк операция кылуу керек!»

Аида Салянованын абалы начарлап, жүрөк илдети күчөп, ага тез арада операцияга керектигин адвокаты да, туугандары да, тарапташтары да айтып отуруп ооз тешилмей болду. Анан айла жок бийликти дүлөй дейбиз да, башка сөз жок болууда…

Мына дагы “панкардит” деген жаңы диагноз коюлганын Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева айтып, чырылдап, капа болууда.  “Эжемдин саламаттыгы күндөн күнгө начароодо. Дем жетпеген шартта кармалгандыктан, жүрөк илдети өрчүп баратат. Тез арада операция кылыш керек. Жүрөк деген оюн эмес да. Кудай сактасын, кокус жаман нерсе болуп кетсе, ага ким жооп берет? Мындай оорууларын биз буга чейин билчүбүз, ошон үчүн өтө тынчсызданып жатабыз. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокатынан угуп уктай албай калдык. Биз жолуга албайбыз, адвокаты гана жолугууга укугу бар экенин жакшы билесиздер. Камалгандан бери бирөөбүз да көрүшө элекпиз. Адвокаты тез арада ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кайрылуу жолдоду. Ага чейин ал Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборуна кат жазган. Алар Аида Жеңишбековнанын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мекемесине кат жазган. Кат-кат жазылган каттарга эмнеге жооп болбой, эжемдин жүрөгүнө операция кылууга эмнеге уруксат берилбей жатканы, чынында өтө эле бизге табышмак болууда”,- дейт Ч.Турдалиева.

Адвокат июлдун башында эле айткан…

Чынында баарыбызга эле табышмак болууда. Салянованын адвокаты Р. Садыкова 8-июлда эле Салянованын алы кетип, дем жетпей, энтигип жатканын, мындай абалдагы адам кардиологдун түздөн-түз көзөмөлүндө болушу керектигин тынчсызданып айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Атамбаевге келгенде мыйзам токтоп калабы?

Бийлик эмнени каалап жатат? Атамбаевди болсо тайраңдатышты, Кремлге чейин чуркатышты. Жумасына концерт көрүп, кол чаап, жыргап, бийлеп жүргөн Атамбаевдин Батукаевди бошотууга түздөн түз тиешеси бар экенин жакшы билишет. “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бошотулган”,-деп Өмүрбек Чиркешович депутат болуп турганда андагы ажо Атамбаевден коркпой ачыгын айткан. Атамбаевдин буйругу болбосо ал чыкмак эмес, ал баарына эле билгилүү болду го. Атаханов да айтты. Дагы эмне керек? Атамбаев үчүн эмнеге Салянова абакта отурушу керек? Айтор суроо көп…

Эми ИИМдин “сылыктыгына” токтолсок…

Ушул маселе боюнча ИИМ үч жолу суракка чакырып, баш тартып койсо, унчукпай жүрүшөт. Төртүнчү жолу ИИМдин орун басары өзү барып, үйүнө кире албай, жолдон эле Жолдубаеванын жообун угуп кетип калганына жол болсун. Бул эмне деген көрүнүш? Эмне алар бийликтин буйругун күтүп жатышабы? Мыйзам деген баарына бирдей болушу керек. Мыйзамды сыйлап, чакыруу кагазы барары менен суракка барган Аида Жеңишбековнаны ошол замат камашты го, чиркин! Анда мындан кийин баарыбыз эле: Атамбаевдей болуп “мен бул бийликтин кагазына барбайм!”,-дейли. Атамбаевге келгенде мыйзам токтоп калабы?

Эскерте кетсек

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп, Бишкектен учуп кеткен. Алты жылдан кийин ал иш козголуп, көп адам суралды. “Кызматташуу негизде” деп көбүн чыгарып жиберди. 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин, жүрөгүнө операцияга даярданып жатканда кайра абакка жеткирилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.