Нурлан ШАКИЕВ: “Ар кандай тагдырлар болот да, болгону Бакиевдин балалыгы даярдалган”

Нурлан ШАКИЕВ: “Ар кандай тагдырлар болот да, болгону Бакиевдин балалыгы даярдалган”

Дейт го “NewTV” телеканалынын директору Нурлан Шакиев. Кечээ аныкы менен Акматбек Келдибековдун “НурТВ” телеканалы Курманбек Бакиевди ашкере мактап, жактап, куттуктаган тасмаларды көрсөткөн. Ал жоруктары үчүн, аталган эки канал тең бүгүн эртең менен УКМКдан эскертүү алган.

Н.Шакиев эскертүүгө дароо үн катты. Ал: “Тасманын ичинде эч кандай саясат жок. Болгону ал Бакиевдин балалык чагы, окуучулук күндөрү, классташтары менен болгон мамилеси тууралуу тасма. Аны Бакиевдин классташтары даярдап берген. Ар кандай тагдырлар болот да, биз аларды көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн укугубуз чектелүү эмес. Бул жерде биз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген оюбуз болгон эмес. Биздин телеканал эч кимди колдобойт. Буга чейин да, бул тасманы көрсөтөрдө да Бакиевдер менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес. Бизди буга чейин Икрам Илмияновго, Асылбек Жээнбековго, Раим Матраимовго  жабышыштырды. Эми Бакиевдерге жабыштырып жатышат. Эртең Атамбаевге жабыштырса таң калбайым”,  – дептир. Берээрин берип алып, актанып жатат. “Ар кандай тагдырлар болот да”,-деген сөзүндө эле көп нерсе жатпайбы… Ал эми А.Келдибеков азырынча жооп бере албайт го, себеби, К.Бакиевдин эртеңки тоюна барууга катуу даярдык көрүп, камданып жаткан имиш.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин, үй-бүлөсү менен Беларуссияга качып кетип, ошол бойдон ошол жакта жашап, айтчусун айтып келет. Эртең, 1-августта 70 жашка толот. Анын бир туугандары, тарапташтары анын мааракесине кызуу даярданып жатат. Бүгүн бир топ белгилүү саясатчылар, ырчылардын учуп кетээри боюнча имиштер кетти. Эртең кимдер барганы билинет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.