Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Атамбаев боюнча суроо узатылды. Ага С.Жээнбеков: «Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай», — деп баса белгиледи.

Андан тышкары, президент: «Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм! Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам” деп элге убада берген эмесмин«,-деди. Бул сөзүн мурда да айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, видеосун көрсөңүз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.