Рысалиевдин курорттон чыкканына үч күн болуптур. Ал эмне камалбайбы?

Рысалиевдин курорттон чыкканына үч күн болуптур. Ал эмне камалбайбы?

Батукаевдин бошотулушуна түздөн түз тиешеси бар депутат Зарылбек Рысалиев көптөн бери курортто дарыланып жатып, чыкканына үч күн болуптур. Тагырагы, Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан 29-июлда чыкканын “Азаттыкка” аталган мекемеден билдириптир. Алар 21 күндүк дарылануудан кийин, депутаттын абалы бир аз жакшырганын айтыптыр. Эми ал камалабы? Аида Саляновага деле ушундай мамиле жасашпайбы? «Салянова ооруп жатат, ага тезинен операция кылуу керек» деп какшап жатабыз. Бийлик укпайт го. Рысалиевди болсо бөпөлөштү… Бул эмне деген мыйзам?

Эскерте кетсек, кримтөбөл Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев ИИМге суракка 7-июнда чакырылган. Ал сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин, 2-июлда, Воронцовкага которулган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.