Бүгүнтөн баштап чүмкөндөргө тыюу салынды. Мыйзамды аткарбаса, 150 евро айыппул төлөйт

Бүгүнтөн баштап чүмкөндөргө тыюу салынды. Мыйзамды аткарбаса, 150 евро айыппул төлөйт

Буга чейин Европанын Австрия, Бельгия, Франция сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө коомдук жайда жүздү жапкан кийим кийүүгө чектөөлөрдү киргизген. Бу жолу Нидерланд мамлекети катуу кетип, 1-августта мыйзам чыгарып, анын аткарылышын талап кылды.

1-августтан тарта коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүздү жапкан кийимдерге, анын ичинде паранжы жана никабга тыюу салган мыйзам күчүнө киргени тууралуу маалымат тарады. Маалыматка караганда, мектептерде, ооруканада жана коомдук транспортто паранжы менен никабдан тышкары түрдүү беткаптарды жана велосипед тебүүдөгү коопсуздук баш кийимдерин кийип жүрүүгө болбойт. Мисалы коопсуздук кызматкерлери никаб кийген аялды көрсө, андан бул баш кийимди чечүүсүн талап кылышы керек. Эгер аял талапты аткаруудан баш тартса, анда анын имаратка кирүүсүнө тыюу салынып, 150 евро өлчөмүндө айыппул салынат.

Нидерланд жашоочуларынын 5% жакынын мусулмандар түзөт, алардын көбү Түркия, Суринам, Индонезия жана Марокко өлкөлөрүнөн баргандар. Бирок ислам динин туткан аялдардын көбү паранжы жана никабды сейрек кийишет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.