Алмамбет Шыкмаматов Аида Салянова тууралуу ыйлай тургандай сөз айтты…

Алмамбет Шыкмаматов Аида Салянова тууралуу ыйлай тургандай сөз айтты…

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов кечээги кесиптеши Аида Салянова тууралуу пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Окуп алып көзгө жаш тегеренди…

-Аиданы эстегенде зээним кейийт, аны аяп боорум ооруйт, ушундай маалда ага жардамым тийбей жатканына өзүмө-өзүм капамын. Мыйзамга ылайык күч органдары фракцияга тикелей баш ийбейт…

Аиданын азыркы ахывалына табасы канып жаткан адамдарга таң калам. Баланын саргайып — энеге, эненин жүрөгү сыздап — балага болгон кусалыгы, кандай кыйноо, кандай оор экенин эмнеге сезишпейт? Эмнеге айрым адамдар мынча таш боор, кайдыгер, карөзгөй болушат? Эмнеге бул сезимдер ал адамдарды акыры бактысыздыкка алып келээрин сезишпейт?

Аида абийирсиз саясаттын курмандыгы экенин, Батукаев темасы эки дөөнүн кармашынын кесепетинен жанданганын акыл-эси бар адам тана албас. Албетте, Батукаевди качырган адамдар мыйзам алдында жооп бериш керек, бирок, адилеттүүлүктүн, калыстыктын эрежеси менен. Биринчи кезекте башкы күнөөкөрлөр-акча алгандар, тикелей кызыктар болгондор, буйрук бергендер, андан кийин кыйыр түрдөгү күнөөлүүлөр — буйрук аткаргандар жазасын алыш керек. Аиданын күнөөсү, Батукаевдин чыгып кетишине тоскоолдук кыла албаганында, системага алы жетпей калгандыгында. Бул иште негизги күнөөлүү фигуранттар эркиндикте жүрөт, ал эми системага туруштук бере албай калган экс- баш прокурор СИЗО-1де отурат.

Айтор, мыйзам буйдалаган төө болуп жаткандыгы айдан ачык. Мамлекетти сызга отургузган алкымы үңкүрдөй болгон ууру-кескиндер эркиндикте жүрөт, системанын курмандыгы болгон Аида камакта отурат. Кара кылды как жарган калыстык мындай болбойт, ток этээри ушул. Кыраакы бийлик — адилеттүү бийлик, көсөм бийлик — калыс бийлик! Андай бийликтин тегерегине эл биригет, үмүт артып ишеним көрсөтөт. Адилетсиз кара күчкө таянган зөөкүр бийлик — алсыз бийлик, келечеги жок бийлик! Буга тарых күбө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.