Фарид Ниязов “тартып” алган “Вечерний Бишкек” ээсине кайтарылды. Эми “Жаңы Агым” чыгабы?

Фарид Ниязов “тартып” алган “Вечерний Бишкек” ээсине кайтарылды. Эми “Жаңы Агым” чыгабы?

Мамлекеттеги эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма — «Вечерний Бишкек». Бул басылманын ээси да бийлик алмашкан сайын алмашып турат. Колдон колго өткөн басылманын баскан изин, көргөн күнүн айтып берели.

Александрлардын “салгылашы…”. Атамбаевдин адамдарынын жоругу…

Сөз болуп жаткан басылма Атамбаевдин бийлигинде Александр Рябушкинге өткөн. Ал 2014-жылы Александр Кимдин колунан тартып алганы аз келгенсип, анын үстүнөн арыз жазган. Былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. А.Ким соттордун мындай чечимине нааразы болуп, анын артында бийлик турганын билдирген. Тагыраак айтканда, “мындай аракетти экс-президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов уюштуруп жатат” деп шек санаган. Ал эле эмес, ал учурда ошол жерде иштегендер да көмүскөдө Ниязов турганын айтышкан. Ниязов болсо, андай сөздөрдү четке кагып келген.

А.Кимди актап алыш үчүн анын адвокаты Рябушкин күчкө салып, тартып алганын далилдеп сотко арыз жазган. Анын арызынын негизинде, Рябушкинге кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Рябушкин «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру, кийин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновдун жана мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сомдон өндүрүү боюнча соттун чечимин мыйзамсыз аткарган, басма үйүнүн акционерлерине материалдык зыян келтирген» деп айыпталууда.

Кимдин кубанычы… Тозокту көргөн «Вечерний Бишкек»

Ошентип, Александр Кимге козголгон кылмыш иши быйыл токтотулду. Аны менен кошо тарттырып жиберген мүлкүн да кечээ кайра алып, кубанып турган кези. Багы ачылбаган “Вечерний Бишкектин” багы ачылып, ээсинин колуна кайрадан кайтып келди. Ушуну менен А.Ким басылмасын экинчи жолу кайтарып алды. Алгач «Вечерний Бишкекти» мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тартып алып, анын колуна өткөн. Анда Ким жамааты менен «Моя столица» аттуу гезитти ачып кеткен. Ал дагы жакшы окула баштаганда, бийлик кысымга алып, жабылып калган. Анан Ким «МсН» же «Моя столица Новости» деген аталыш менен гезит чыгара баштаган. Ошентип жүргөндө, 2005-жылы, капысынан революция болуп кетип, Александр Ким басылманы өз ээлигине кайтарып алган. Анан ал медиа холдингдин курамын кеңейтип, кыргыз тилдүү “Жаңы Агым” гезити менен vb.kg интернет порталын иштете баштаган. Булар дагы коомчулуктан колдоо таап калганда, Атамбаевдин бийлиги да кысымга ала баштайт. Андайга чыдабаган “Жаңы Агым” гезитинин редактору Аскер Сакыбаева: “Атамбаевге даңк жана дүңк!”,-деп ишин таштап кеткен. Анда 2015-жыл эле. Ошол жылы «Вечерний Бишкек» Александр Рябушкиндин колуна толугу менен өткөн. Ал эми Интернет порталы vb.kgнин жамаатынын бир бөлүгү өздөрүнчө кетип, «Заноза.кг» маалымат порталын түзүшкөн. Кийин аларды бийлик (Атамбаев) кысымга алып, миллиондогон доого жыккан. Ошондон улам, жамаат «Кактус.кг» порталы болуп өзгөргөн. Учурда иштеп жатат.

Аскер САКЫБАЕВА: “Жаңы Агымдын” чыгаары азырынча белгисиз”

“Александр Ким басылманы колуна алды” деген кабарды уккандар сүйүнүп, “Жаңы Агым” кайра чыгабы?”,-деп гезитти сурап жаткан кез.

Биз да кызыгып, аталган гезиттин бир кездеги башкы редактору, мыкты журналист Аскер Сакыбаевага ушундай суроо менен кайрылдык. Ал: “Александр Ким баарын толук кайрып ала элек. Ал эми “Жаңы Агымдын” кайра чыгаар-чыкпасы күмөн”,-деп кыска-нуска жооп берди.

Кандай болгон күндө да, азыркы бийлик «Вечерний Бишкекке» көз артып, кысым кылбасын! Ал эми кесиптештерибиз Александр Ким менен Аскер Сакыбаевага ак жол каалайбыз!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “Фарид Ниязов “тартып” алган “Вечерний Бишкек” ээсине кайтарылды. Эми “Жаңы Агым” чыгабы?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.