Суракка келбей жаткан Шаиковага издөө жарыялана турган болду. А суракка барбай жаткан Атамбаев качан камалат?

Суракка келбей жаткан Шаиковага издөө жарыялана турган болду. А суракка барбай жаткан Атамбаев качан камалат?

Бүгүн, 2-августта, УКМКнын басма сөз кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө жарыялай турганын жар салды. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын айтымында, Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу кагазы берилген.

“Эгер  Шаикова 5-августка чейин суракка келбей, тергөө амалдарына катышуудан баш тартса, анда ага Жазык-процесстик кодекстин 239-беренесине ылайык издөө жарыяланат”,-дейт УКМК.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы учурда Мамкаттоонун, “Инфоком” ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына карата жаңы үлгүдөгү паспорт даярдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Жогоруда сөз болуп жаткан Шаикова Мамкаттоонун жетекчилигинен кетип, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Бир нече териштирүүдөн кийин, Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагына чыккан. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Эми Атамбаевге келсек…

Алмазбек Атамбаевди ИИМ 8-июлдан бери суракка тарта албай, сындалып келет. Атамбаевге үч жолу чакыруу кагазы барып, төртүнчүсүндө ИИМдин орун басары өзү барып, үйүнө кире албай кеткен. Эртеси Атамбаев Кремлге учуп, ал жакта бир күн болуп, кайтып келген. Ал биринчи чакырууда эле барбастыгын айтса, кечээ, 1-августта анын адвокаты С.Слесарев Атамбаев ИИМдин суроолоруна жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр экендигин айтты. Ал мындай сунушун 30-июлда ИИМдин өкүлдөрүнө айтса, алар баш тартып койгон.

Атамбаев менен анын адвокаты экс-президенттик макамга ээ экенин баса белгилеп айтып, ушуга таянып келишет. А Жогорку Кеңеш болсо, быйыл 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай эле башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип, Атамбаевдин беш айыбын угузган. Анын ичинде Батукаев маселеси да бар. Биринчи эле маселесинен баш тартып жатса, башкасына балээсине алып бара алышабы? Бул эмне деген көрүнүш? Атамбаевге келгенде мыйзам токтоп калып, башкаларга иштей береби? Мисалы, мыйзамды сыйлаган Салянова суракка барган эле күнү, эч далили жок эле камакка алынды. Ден соолугу начарлап жатат. Зарылбек Рысалиевдей болуп, үй камагына чыкса болот беле? Рысалиев менен Атамбаевди бийлик колдоп, Салянованы кордоп жаткандай… Деги качан акыйкат орнойт?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.