Атамбаевдин алдында алсыз бийлик, арсыз Атаханов менен Рысалиев, күчтүү Салянова!

Атамбаевдин алдында алсыз бийлик, арсыз Атаханов менен Рысалиев, күчтүү Салянова!

“Мыйзамдагы ууру” аталган кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган учурда, бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болчу. Алты жылдан кийин бул иш кайра козголуп, четинен суракка чакырылып, камалып, көбү үй камагына чыгып кетти. Анын бири — Зарылбек Рысалиев. Анын бөгөт чарасын кечээ, 2-августта Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылды. Адилетсиз соттун мындай чечиминен кийин, биз айла жок, депутаттын Батукаев боюнча кылган иштерин далил менен жазып, эл сотуна койдук. Окуган окурман оюн ортого салып, тасмаларды көргөн калк калыстыгын айтып, акыйкат чечимин чыгараар. 

Алты жыл мурунку болгон окуя

Сөздү Зарылбек Рысалиевдин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигинен баштасак. 2013-жылы, апрелде, Батукаев Нарын шаардык соттун чечими менен «айыккыс ооруга чалдыкты» деген таризде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Чеченстанга учуп кеткен. Бул чуулгандуу окуя парламентте талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.  Комиссиянын бүтүмү боюнча Болот Шер Жогорку Кеңеште баяндама жасаган. Баяндамадан кийин, депутаттар арасында суроо-жооп болуп, Өмүрбек Текебаев парламенттин трибунасында сүйлөгөн. Анда ал З.Рысалиевдин Батукаевге кам көргөнүн күйүп-бышып айтып, ачууланган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Зарылбек РЫСАЛИЕВ: «Батукаевди бошотуунун башында Атаханов турган»

Алты жыл мурун, Зарылбек Рысалиев парламентте Шамил Атахановдун атын атаган эмес. Алты жылдан кийин, анын атын атады. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Шамил АТАХАНОВ: «Рысалиевдин акыл-эси ордунда эмес»

Атамбаевдин убагында Шамил Атаханов вице-премьер-министр болуп турган. Ал 24.kg сайтына маек бергенде, Рысалиев боюнча суроо бергенде ал: «Калп менен абсурддун көлөмү чектен чыгып кетти. Ушул эле мисалдан Зарылбек Рысалиевдин акыл-эси ордунда эмес экенин айтып турганына шектенбей калдым. Рысалиевдин айткандары дегеле болушу мүмкүн эмес. Мен вице-премьер болуп туруп, медицинанын куратору болгон эмесмин. Мындан тышкары, вице-премьер-министрден айырмаланып, врач толук процессуалдык көз карансыздыкка ээ жана ошол эркиндиги үчүн укуктук жоопкерчиликти тартат. Бир дагы чиновник врачтын жыйынтыгын өзгөртө албайт, укугу да жок«,-деп жооп берген.

Зарылбек РЫСАЛИЕВ: «Баарына буйрук берген бир гана адам болгон»

Андан көп өтпөй эле, Зарылбек Рысалиев “Де факто” гезитине кенен маек куруп берген. Анда да Батукаев боюнча суроо узатылган. Анда ал: «Шашпай тургула, жакын арада толугу менен ким күнөөлүү экендигин аныктаган фактыларды көрөсүңөр. «Рысалиев кызыл килем салып узатты» деп мени күнөөлөп бүтө албай жатасыңарбы? Ким узатканын эми көрөсүңөр! Аэропорттун күтүү залында видео көзөмөлдөрдү алып чыгып караса эле ким узатканы белгилүү болуп калат. Тергөө иштери жүрүп, мунун баары аягына чыгыш керек! Кармалгандар баарын ачык айтып берет деген ойдомун. Ошол убактагы жетекчиликте тургандар эми баарын жашырбай ачыктайт го. Бир гана адам баарына буйрук берип турган. Ал ким экенин бешиктеги бала дагы билет»,-деген. Бул жерде түз айтпаса да, кыйыр Атамбаевди айтып жатпайбы, «баарына бир гана адам буйрук берип турган»,-деп.

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Батукаевге Салянованын тиешеси жок”

Атамбаев өзү деле аны моюндап жатпайбы, “Батукаевди өлүп калат деп мен да ишенгем. Мени алдап кетишиптир. Ал боюнча Путинге кат жазгам. Батукаевге Салянованын эч кандай тиешеси жок”,-деп. Ишенбесеңиз, төмөндөгү ВИДЕОну көрүңүз!

Аида САЛЯНОВА: «Батукаевдин бошошуна менин тиешем жок»

Бул иш боюнча Аида Салянова дагы жооп берген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бошотулган”

Эки жыл мурун Өмүрбек Чиркешович дагы Атамбаевдин көрсөтмөсү менен чыкканын айткан эле. Ал төмөнкү ВИДЕОдо:

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Салянованы кармоодо Башмыйзам бузулду”

Мындан тышкары, Өмүрбек Текебаев Аида Салянова жаңы камалганда Башмыйзам бузулганын айткан. Мындай сөздү депутат Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» маек берип жатканда айткан. Ал Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзамдын беренелери бузулганын жакшы түшүндүрүп берген. “Баш мыйзамдын 74-беренесинин 4-главасында, «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө» берененин экинчи бөлүгүндө башкы прокурорду дайындоого президенттин сунушу менен парламент макулдук берээри, жазык жоопкерчилигине тартууга да макулдук берээри жазылып турат. Аида Жеңишбековага козголгон кылмыш иши анын башкы прокурор болуп турган кездеги кыймыл-аракети менен байланыштуу болуп жатпайбы. Ошол жактан алып караганда, Баш мыйзам бузулду. Ал көңүл сыртында калды, бул кооптуу прецедент”,-деген Р.Момбеков.

Дастан БЕКЕШЕВ: “Рысалиевдин үй камагына чыгышы туура эмес болду”

Мына, окурман, Аида Салянованы кармоодо башынан эле мыйзам бузулган. Дагы эле болсо мыйзам бузулганын айрым депутаттар атып жатат. Алсак, депутат Дастан Бекешев мыйзам баарына бирдей экенин эскертти. “Саляновага салыштырмалуу Рысалиевдин үй камагына чыгышы туура эмес эле болду. Экөө чогуу СИЗОдо отурушу керек же экөө тең үй камагына чыгышы керек. Анткени, мыйзам баарына бирдей»,-деп жазды социалдык түйүнгө.

Туптуура, мыйзам баарына бирдей болушу керек! Аида Салянова дагы, жок дегенде үй камагына чыгышы керек! Зарылбек Рысалиевге бардык шартты түзүп беришти, ооруканага жаткырышты, курортко жиберишти, үйүнө чыгарышты, үйүнөн чакырып, сот арыдан-бери бөгөт чарасын карай коюп, үй камагына чыгарып салды. Анын ооруганын врач, сот, милиция эле көрбөсө, эч кимибиз көргөн жокпуз. Ошон үчүн анын ооруганынан да шек санап кетет экенсиң. Бийлик Батукаев ишин баштагандан кийин, мышык, чычкан ойнотпой аягына чыгарышы керек! Атамбаевди камагыла да, Салянованы бошоткула! Эгерде Атамбаевге алыңар жетпесе, анда эмнеге бул ишти козгодуңар?  Башкы күнөөкөр Атамбаев экени айтылып эле жатат го, дагы эмне керек?!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.