Бакиевди мактаган телеканалдардын артынан Матраимовдун кулагы көрүнөт да, ыя!

Бакиевди мактаган телеканалдардын артынан Матраимовдун кулагы көрүнөт да, ыя!

Жакында эле жергиликтүү эки телеканал (NewTV, NUR TV) качкын экс-президент Курманбек Бакиев жөнүндө (анын 70 жылдык мааракесине арналган) даректүү тасма көрсөтүшүп, кызыл-чеке талаштын ордосуна айланды. “Аталган телеканалдардын артында Райымбек Матраимов турат”,-деген да имиш тарады. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, шамал бекер сокпоптур… Анда сөз башынан болсун!

Телеканалдарды жабууну талап кылышты!

Тасма соцтүйүндөрдө кызуу талкууга алынып, оор кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон экс-президентти колдогон телеканалдар сындын бутасына туш болуп, сөз болуп бүтө элек. Телеканалдардын жетекчилери эч кимге зыян келтиришпегенин, эч кандай саясий максат көздөбөгөндөрүн айтып, актанып жатып калышты. Кээ бирлер, анын ичинен депутат Элвира Сурабалдиева бул каналдарды дароо жаап салууга чакырды.

Ошондой эле, мындай талапты 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын туугандары айтты. Ал эми “Айкөл Таза коом” бирикмесинин мүчөлөрү пресс-конференция берип, УКМКга арыз менен кайрылып, чара көрүүнү талап кылды. Эгер эч чара көрүлбөсө, анда Акүйдүн алдына чыгышаарын баса белгилешти. Атайын кызмат бул маселени көз жаздымда калтырбай, оор кылмыштар боюнча соттолгон Курманбек Бакиев менен анын жакын туугандарын колдогон видеороликтер көрсөтүп, макалаларды жарыялаган боюнча жоопкерчилик жөнүндө эскертүү бергенге үлгүрүштү.

Телеканалдардын чыныгы ээси ким? Ал салык төлөбөй келеби?

Ал го ал, бирок бул телеканалдардын жетекчилери кимдер? УКМКнын маалыматы боюнча, NUR TVнын гендиректору – Бекболот Келдибеков, ал экс-спикер Акматбек Келдибековдун баласы. Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, кенже Келдибеков бир гана ЖЧКда катталган. Ал “Медиан” ЖЧКнын ээси экен. Кээ бир маалыматтарга таянсак, бул NUR TVнын рекламалык агентсвосу болуп чыкты. 2018-жылдын 9-октябрында катталган. Компаниянын дагы үч теңата ээси бар, алар — Салиева Эркеайым Муратовна, Сычевский Борис Валентинович жана Ибраимов Бексултан Мелисович.

Телеканал өзү 2015-жылы декабрда Жалал-Абадда катталган. Юридикалык аталышы – “Нур.ТВ”. Каналдын жетекчиси – Анарбаев Залкар Камымбекович. Ал эми ээси – экс-депутат, Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиевдин иниси – Ташиев Казыбек Кыдыршаевич.

“Ачык бюджет” порталынын маалыматтарына караганда, компания салык төлөбөй келет.

Ош шаарында болсо NUR TV башкача аталышта – “ААК” ЖЧКсы деп катталган. Компания 2018-жылдын август айында каттоодон өткөн. ЖЧКнын үч ээси бар: Казыбек Ташиевден сырткары, Алтынбек кызы Айсулуу жана Хошимова Минавархон Абдумуталибовнанын үлүштөрү бар.

Бир жыл аралыгында компания 2 миң 460 сом салык төлөгөн. Эки ирет К.Келдибекова аттуу айым аркылуу салык төлөгөн. Белгилүү болгондой, Бекболот Келдибековдун жубайынын ысымы – Камила.

Дагы бир кызыктуу факт: Райым Матраимов Акматбек Келдибековдун уулу,  NUR TVнын жетекчиси Бекболот Келдибековдун өкүл атасы. Кандай гана чырмалышкан байланыштар, ыя!?

NewTVнын окуясы да абдан кызык…

Ал Оштогу “Мезон ТВ” аттуу жеке телеканалдын базасында түзүлгөн. Бул канал 2010-жылдагы июнь окуяларына чейин Жавлон Мирзаходжаев деген жаранга тиешелүү болгон. Ал ЖКнын экс-депутаты Кадыржан Батыров (бул киши былтыр 8-декабрда көз жумган, сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. Кыргызстанга көмүүгө уруксат берилген эмес. Маркумдун сөөгү ызы-чуу менен жерге берилген – авт.) менен бирдикте түштүктөгү массалык башаламандыктар боюнча айыпталган. Кыргызстандын соттору аны “массалык башаламандык уюштурган, сепаратизмге тиешелүү, улут аралык жаңжалга катыштыгы бар, куралчан топторду мыйзамсыз түзгөн” деген айыптар боюнча сыртынан соттолгон. Ал өлкөнү таштай качып, Швейцарияда саясый башпаанек тапкан.

Кийин аны атын өзгөртүп, “Башат ТВ” аталып, Толкун Эрмекбаев деген жаран жетектеген, кийинчерээк ал “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын башына келген.

“Башат ТВ” 2016-жылга чейин иштеп, сентябрда “2-канал” (юридикалык аталышы – NewTV) деп аталыш өзгөртүлгөн. osoo.kg сайтынын маалымат базасына ылайык, компания 2019-жылдын апрелинде кайра каттоодон өткөн.

Азыр телеканалдын гендиректору Шакиев Нурланбек Тургунбекович, учурунда ал президент Курманбек Бакиевдин пресс-катчысы болгон.

Каналдын ээси болуп Жаныш Маткасымов эсептелет. Ал “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын ээлеринин бири. Бул партияда көптөгөн курулуш компаниялардын ээлери мүчө экенин эске сала кетели. Партиянын дагы бир ээси – Самат Раев, ал курулуш бизнесине тиешелүү, «Домстрой Инвест» компаниясынын жетекчиси.

Компаниянын дагы бир ээси – Канатбек Маматов. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта, тагырагы, парламент депутаты Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева менен биргелешкен бизнеси бар.

Жаныш Маткасымов жакында эле кожоюндардын курамынан чыгып кеткен. Анын ордуна 2019-жылдын май айында Ысмайылов Уланбек Атиевич аттуу жаран келген.

Белгилей кетчү жагдай, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов биринчи жолу эл алдына дал ушул NewTVнын студиясынан чыккан. “Раим-миллион” каймана атка ээ болгон жигит Атамбаевге видеокайрылуу жасаган, NewTV биринчилерден болуп аны эфирге чыгарган.

Райым Матраимов Түркияга качып кетиши мүмкүнбү?

Коомчулуктун көңүл борборунан кетпеген, социалдык тармактарда сындан түшпөгөн Р.Матраимов Түркияга кеткени калды. Түркиядагы бир холдингге вице-президент болуу сунушу түшкөнүн анын депутат агасы Искендер Матраимов журналисттерге билдирген. Ошентип, аны да “качырганы” калдык.

Ток этээр жерин айтканда…

Бакиевдин бийлигинде спикер болгон А.Келдибеков менен Бакиевдин пресс-катчысы болгон Н.Шакиев Р.Матраимов менен кандай чырмалышта экенин айтып бердик. Баса, эки телеканалдын жетекчилерин УКМК чакырып, аларды “профилактикалык сөзгө” тартып, расмий эскертүү берген. Алар экинчи мындай калпыстык кайталанбастыгын убада кылышкан. Курманбек Бакиевди миң мактаганы менен аны эч качан актай алышпайт. Анткени, анын колу канга боелгон. Ал канкор Бакиев боюнча элдин көкүрөгүндө калды. Анын кылган иши ошол мезгил менен кошо катып калган. Ошондуктан, аны мактаардан мурда, элдин кабыл алуусун ойлош керек! Бул нерсе Бакиевди жактагандарга сабак болуп, кайталанбашы абзел!

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Бакиевди мактаган телеканалдардын артынан Матраимовдун кулагы көрүнөт да, ыя!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.