Атамбаевдин «көңүлүн» бу жолу Ырыскелди Осмонкулов менен Кайрат Кыргыз көтөрүптүр

Атамбаевдин «көңүлүн» бу жолу Ырыскелди Осмонкулов менен Кайрат Кыргыз көтөрүптүр

 

Алмазбек Атамбаев Максим Бакиевдин Кой-Таштагы жерине хан сарай салып алып, жыргап эле келатат. Бийликтен түшкөндөн кийин, экс-депутат макамы алынгандан кийин, ал жерге “Элдик штаб” түздүрүп, тарапташтарын тегерегине чогултуп алып, күнүгө кечке маал чыгып, алар менен амандашып, сүйлөшкөндү “салтка” айлантып алды. Кийинчерээк, алтынчы күн сайын концерт койдуруп, көңүл ачканды адат кылып алды. Кечээ дагы ошондой шоу болду. Ага бу жолу ырчылар Ырыскелди Осмонкулов менен Кайрат Кыргыз барып ырдашыптыр. Экөө тең социалдык тармактарда сындалып жаткан учуру. Кайрат Кыргыз менен түшкөн башка эле баланын башына Атамбаевдин башын коюп, фотошоп кылып, социалдык тармактарга таратышты. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары менен жолуккан сүрөттөрүнө (бетине) маскарапоздун сүрөтүн чаптап, шылдыңдап, «бул клоундун шоусу качан бүтүп, камалат?» деп жазып да жатышат.

Атамбаевди суракка тартчу ИИМ: “Атамбаевди сурактан күтөбүз” деп, ал өзү чуркап барчудай күтүп отурат. Генпрокуратура болсо Атамбаев суракка барбай, мыйзамды бузуп жатканын расмий билдиришти. Аларга дароо Атамбаевдин адвокаты кат аркылуу жооп берүүдө. Атамбаев өзү минтип шоу көрүп, жыргап жүрөт. Эл айткандай, бул шоу эмеспи?

СҮРӨТ: Ы.Осмонкуловдун сүрөтү Н.Мамытованын Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Кайрат Кыргыз менен жасалган фотошоп Интернеттен алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.