«2020-жыл — Орусия жылы» деп жарыялоо пландалууда. Макулсузбу?

«2020-жыл — Орусия жылы» деп жарыялоо пландалууда. Макулсузбу?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону (3-августта) кабыл алып, Кыргызстан «2020-жыл – Россия Федерациясынын жылы», Орусия «2020 жыл – Кыргыз Республикасынын жылы» деп жарыялоо макулдашылганын айткан. Тагырагы, эки өлкө башчылары (Жээнбеков менен Путин) макулдашып, ошонун негизинде комитет түзүлүп, иш-чара деталдуу пландалып жатканын билдирген. Ошондон бери, мындай маалымат социалдык тармакта кызуу талкууланып, коомчулук макул эместигин жазышууда.

Андан тышкары, М.Абылгазиев жакын арада Орусиянын премьер-министри Д.Медведев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келээрин айткан. Анда да эмнени сүйлөшүп, эмнени чечип жиберишээр экен? Айтор, Орусиянын эле оозун карап калгандайбыз…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.