“Буйруса, свет өчүп, тезек теребиз. Дайыма Ютубда отурабыз”,-дейт го Атамбаевдин «маскарапоздору» (ВИДЕО)

“Буйруса, свет өчүп, тезек теребиз. Дайыма Ютубда отурабыз”,-дейт го Атамбаевдин «маскарапоздору» (ВИДЕО)

Кой-Таштагы үйүндө курчанып, коркуп жаткан Атамбаев күндө тарапташтары менен жолугуп, балп деп элди күлдүрсө, бу жолу өзүнө окшоп балп деген аялдар күлдүрдү. Алар: “Буйруса, свет өчүп, тезек теребиз”,-дейт го, жаман нерсени тилек кылып… Уяттары жок экен. Андан тышкары, алар дайыма Ютубда отураарын, жумуштары ушул экенин айтканда, айла жок күлөт экенсиң. “Тантырактардын” баарлашуусун төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Ушул төрт аялды ким тааныйт? Кайсы айылдан булар? Билгендер болсо, аты-жөнүн жазып койгулачы. Ушундай кошоматчы аялдарды көргөн эмеспиз. Уялбай, хан сарайына барып, көрүп турса да, «биздей эле жашайт турбайбы»,-деп жатышпайбы… «Бизге эч ким акча берген жок»,-деп актанып коюшканычы?.. «Акча керек болуп, кичүү улуумдун үйүн саттым»,-дейт го миллиардер Атамбаев. Буга чейин, президент кезинде, Путиндин жанына отуруп алып: «мен Салымбековдон да баймын»,-дебеди беле. Эми  эмне жатат? Кечээги сөзү менен бүгүнкүсү дал келбей, уят болууда. Муну тантыратпай бийлик камабайбы, канча айыбы айтылды жана айтылууда. Батукаевди да өзү деле мойнуна алды, «мен дагы ишенгем, өлөт экен деп, алдап кетишиптир»,-деп. Дагы эмне керек? Укмаксан болуп, көрмөксөн болуп отурган, анын ордуна Салянованын кармап жаткан бийликке жол болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.