Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Өзбекстандан кредит алганы — Абылгазиевдин өкмөтү кыргыз элине кыянаттык кылганы”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Өзбекстандан кредит алганы — Абылгазиевдин өкмөтү кыргыз элине кыянаттык кылганы”

Экс-депутат, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевич учурдагы иштерге кайдыгер карабаган, аны өз убагында ачык айткан, суроо тандабаган адам. Ушуну менен үчүнчү жолу, кызыктуу маек куруп жатабыз. Бу жолку маегибиз көңүл борборунда турган – Өзбекстандан 100 миллион доллар карыз алуудан башталды.

— Каныбек мырза, Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келгенден кийин, алардан 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя ала турганыбыз маалым болду. Көрсө, кредиттик линияны ачуу тууралуу эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы эле макулдашыптыр. Мындай маалымат элге жагымсыз болуп: “Кытайлардын карызынан кутулбай жатып, Өзбекстандан карыз алып эмне кылышат? Карыз алган бийлик, төлөгөн биз”,-дешүүдө. Бул кашкайган чындык, факт. Тилекке каршы, карыз алууну Өкмөт өөн көрбөйт экен. Сиз Өкмөттүн пикири менен макулсузбу же элдинби?

— Деги эле карыз алып жашаганыбыз болбогон иш! Акаевден бери эле ошол осол сапатка көнүп калдык! Атамбаев болсо бул булганыч иш боюнча абсолюттук рекорд койду. Албетте, бул карыздарды шору каткан калк төлөп жатат. Күнүн көргөндөр, «биз саясий элитабыз»,-деп чартаңбай тээп жүрүшөт! Элди томояк деп, келеке кылгандар Акүйдү ээлеп алышты. Кытайдын карызы кыргызды эмнеге түртөөрүн жаш бала деле билип турат. Эми Өзбекстандан карыз алууга аракет кылып жатышат! Менимче, элдин чыдамы кетип калды. Кредит «Айыл банк» аркылуу ишкерлерге берилгени жатат э, бул банк бир элдин шору болду да! Анын ким коргоп келээри деле белгилүү. Өзбектерден алган карызды жеш үчүн дагы бир фонд түзө коюшуп, анын башына өзүлөрүнө кызмат кыла турган бир шылуунду алып келишет! Байкап туралычы, кимдин кулагы көрүнөт экен? Бийлик деги эле өткөндөн сабак албай койду! Шордуу эл экенбиз да! Болгондо дагы, ал кредитти бизнесмендерге берет имиш! Ээ айланайындар, биздин Кыргызстандагы “ийгиликтүү ишкерлер” кимдер? Салык төлөбөгөн, бажыдан контрабанда менен товар ташыгандар, анан тендерлерди мыйзамсыз утуп алышкан, бюджетти тоногон жек көрүндүлөр да! Алардын көбү өлкөнү 29 жылдан бери жалмап келишкен, 200-300дөй эле бийликтеги коррупционерлердин туугандары, тааныштары.

Эми жеке өзүмдүн пикириме токтолсом, “Өзбекстандан кредит алат” дегенден кийин, мен Абылгазиевдин өкмөтү кыргыз элине кыянаттык иш кылып жатат деп эле кабыл алдым! Өзбек туугандардын биздин жерлерге болгон адилетсиз дооматтары толтура. Керек болсо, убагында көп жерлерибизди тартып эле алып коюшкан: Советабад, Шаймардан, Сох ж.б. Эми элестетип көрүңүздөр, 100 миллион доллар карызды кантип бизден сыгып алаарын? Мен бул өкмөттүн мындай кадамына, албетте, каршымын. Күздө сатылма Жогорку Кеңеш ошол кредитти ратифкациялап берсе, анда баарын эле жапа тырмак бийликтен айдап салуубуз керек! Булар эл душмандары болуп калат. Ансыз деле көп катачылыктарды кетирип жүрүшөт!

— Каникулда жүрсө да, айрым депутаттар катачылык кетирип жатышпайбы. Мисалга алсак, КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Айнуру Алтыбаева, ал партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо маселесин көтөрүп, коомчулукка сунуштады.  А коомчулук: “Эми партияларды багабызбы?”,- деп депутаттын сунушун кабыл албай турган кези. А сизчи, бул сунушту кандай кабылдоодосуз?

— Бул аракеттин өзү абийирсиздик. Көздү май басып калгандык, көпкөндүк. Албетте, мен түшүнөм. Ооба, кээ бир Батыш өлкөлөрүндө саясий партияларды бюджеттен каржылоо практикасы бар. Бирок, алардын экономикасы кандай? Эки жүз жылдан ашуун оң баланс менен өнүгүп келгендер. Бизге окшоп казынаны уурдагандар алардын бийлик башында жок! Биздин партбоссторго кудай берип эле калат. Элди биротоло унутушат! Өзү биз, кыргызстандыктар, партиялык курулушту түзө элекпиз. Ар бир партия бизнес-фирма болуп калган. 2010-жылкы Конституция кескин бурмаланып, партия төбөлдөрүнүн эле пайдасына иштеп кетти. Албетте, бул «феномендин» автору ошол кездеги бийлик башындагылар. Азыр деле ошол көрүнүш! КСДПны эле алалычы. Алар 10 жылга жакын бийликти мыкчып кармап келишет. Айыл өкмөтүнөн баштап, жогорку саясий кызматтардын баарын каалагандай майкандашты. Өлкөнү жүз жылдык сызга, кризиске кептешти. Эми экиге бөлүнүп алышып, итче ырылдашып жүрүшөт. Партиясынын башчысы расмий бийликке оппозиция болуп жүрсө, Жогорку Кеңшештеги фракциясы бийликчил болуп отурат. Эми ушуларды бюджеттен каржылашыбыз керек экен! Койгулачы, көпкөндүктүн дагы чеги болушу керек да. Андан көрөкчө окуучуларга китеп чыгарып, гемодиализге муктаж болгондорду каржылабайлыбы! Кандай дейсиздер, көпкөн кээ бир «депутаттар!»?

— Депутаттар элди, экономиканы ойлогон жок, алар кайра эле парламентке келүүнү ойлоп, тымызын шайлоого даярданышууда. Мына Атамбаев шайлоонун алдында, дагы Кремлге чуркап барып келди. Шайлоого камынып жатат, ал “Сапар Исаковду колдоо” деген акция менен жаштар бардык аймактарды кыдыра турганын ачык эле айтты. Мындай көрүнүш шайлоого даярдык да?..

— Мындай ит көрүнүш Кыргызстанда эле болот! «Кой-Таш феноменин» кээ бир саясий серепчилер, айрыкча, чет өлкөлүктөр, “кош бийлик” деп эле атай башташты. Албетте, мунун чындыгы деле бар. Атамбаев Путинге жүгүнүп келгенден кийин, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого камынып кирбедиби! Ачык эле айтып жатат, го! Бир эле Кой-Таш менен чектелбестен алар, мисалы, жакында Кочкорго дагы барышып, элдик акция өткөрүп келишти. Эми бул аракеттерин бүт Кыргызстанга жайылтышат. Саясий лидери болсо, Жогорку Кеңеш менен, Баш прокуратуранын расмий дооматтарына кабылган! Күбө катары суракка чакырылганы менен тоготуп барбай койду. Кыйын экен! Эл Атамбаевге арыздары менен кайрыла башташты. Бийлик болбосоң коё кал! Аттиң эле дейсиң да!

— Башка өлкөнүн башчылары тең ата сүйлөшүп, эч кимдин көзүн карабай келатышпайбы. А биз болсо, Кремлдин көзүн, Путиндин оозун карагандай эле болуп жатабыз. Кандай дейсиз?

— Орустардын көзүн кароо боюнча, биз, кыргыздар мурда деле башка элдерден айырмаланып келгенбиз. Бир эле Алыкул Осмоновдун төрт сап ыры эмнени айтып турат? Бул тарыхый факт. Бирок, эгемен болгондон кийин, эмнеге эле өмөчөктөп Кремлге жагынышат. Бул туура эмес. Орустарга биз алардын империялык амбицияларын канааттандыруу үчүн эле керекпиз. Чын-чынына келгенде, биздин келечек алар үчүн бир тыйын. Путин Атамбаев менен анын каршылаштарына деле көңүл коюп баалабайт. Башка айта турган сөзүм жок! Элибиз өзү өтө эле моо болуп жатат: «Токтоткула жүгүнчөөк болуп жүгүргөнүңөрдү!» — десе болмок! Анан калса кээ бир намысы жоктор эки жакка бөлүнүп алышып, мактанып киришпедиби?

Кыргызстан «2020-жыл – Россия Федерациясынын жылы», Орусия «2020 жыл – Кыргыз Республикасынын жылы» деп жарыялоо эки өлкө башчы менен макулдашылганын, аны ишке ашыруу пландалып жатканын премьер-министр Абылгазиев айтты. Муну кандай кабылдадыңыз?

— Орусия менен ансыз деле терең кызматташып келебиз. Миллионго жакын жарандарыбыз ал жакта эмгектенишип жүрүшөт. Бул факт. Экономикалык жакшы кызматташуу жолун тапсак эмнеге болбосун. Бирок, мындай аракеттер биздин саясий эгемендигибизге терс залакасын тийгизбеши керек. Мен деги эле календардык жылды анда же мындай деп атоого каршымын. Бул жөн эле декларативдик чакырыктар. “2019-жыл — Элет жылы”,- дедик. Кана, жакшы иштер? Башка мамлекеттер менен тең ата болуп эле мамиле кыла берейли, да. Алардын көзүн карап жалдырабастан! КМШ өлкөлөрүнүн кимиси ушундай жолго барышты болду экен? Мага белгисиз, мисалы?

— Азыр элге белгисиз Атамбаевдин камалаар-камалбашы болууда. Ал Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча суракка барбай жатат. Кремлден келгенден кийин, ал өктөм сүйлөп, бийлик болсо бошоңдой түштү. Батукаев иши деле Кремлге барып такалууда…

— Атамбаевдин «феномени» кыргыздын башына келген бир кара так болду! Анын ишин расмий бийлик эмнеге оюнга айлантып жиберди, түшүнүксүз! Албетте, себеби бар. Болгону «карга карганын көзүн чокубайт» болуп жатат. Экономиканы көтөрүү боюнча декларативдик, борпоң сөздөрдөн башка эч нерсе кыла элек, бул бийлик! Жагымпоздордун мактаган сөздөрүнө эле маашыр болуп жүрүшөт. Азыр иштери тергелип жаткан, коррупцияга шектелгендер эле кусушса, баардык сырткы карыздардан кутулмакпыз. Бирок, бийлик ага бара албай калды го! Өздөрүнөн этияттанып калышты.

-Батукаевди бошотуу боюнча шагыраган күнөөлүү эркектер кутулуп, эч күнөөсү жок Аида Салянованы гана тутулгандай. Эч бир далили жок абакта отурат. Ушундай өңүттөн караганда, Батукаевдин иши жабылганы калды окшойт. Салянованы эми бошотушат деп ойлойсузбу?

— Атамбаев так ошол Батукаевдин иши боюнча күбө катары чакырылып жатпайбы! Ал киши моюн толгоп суракка барбай койду. ИИМ болсо колунан конфетин тарттырып ийген балага окшоп, шалдырап отурат. Эң оорчундуу күбө деп эсептелген мурдагы УКМКнын жетекчиси, генерал Бусурманкул Табалдиев өлкөдөн из жашырып качып кетти. Аны издешкен деле жок! Демек, Батукаевдин иши жабылганы калды. Элдин көпчүлүгү ушинтип эле ойлоп жатышат. Аида Салянова деле түрмөдөн чыгат. Көз далдоо катары эле, убактылуу кармалып отурат. Намысы жок элде ушундай жийиркеничтүү иштер боло берет турбайбы. Муну бир эле чечен кашкайтып далилдеп койду! Бийликке деле бул иштин адилет бүтүшү кереги жоктой сезилип жатат!

— Сооронбай Жээнбеков катуу сынга кабылууда. Сиз ага кандай баа бересиз?

— Азыркы президентке баа берүү али алдыда! Эки жаман иш болду. 7-апрелдеги бөөдө жаш жигиттердин өлүмү менен Ош коогалаңы. Экөөнө тең ошол кездеги бийликтегилер күнөөлүү. Эртеби-кечпи, баары жооп беришет.

— 7-апрелге Курманбек Бакиев күнөөлүү да. Канга колу боелгон адамды мактаган тасманы көрсөтүштү, жакында эле айрым телеканалдар. Ал тасманы кээ бирөөлөр: “Бакиев Кыргызстанга келет”-деген аталыш менен социалдык тармактарга таратышты. Бул эмнеден кабар берет?

Акаев менен Бакиевди азыркы бийлик дагы, эл өзү дагы эч кечирбеши керек! Элдин шорун катырган так ошолор. Анан кантип тигилерге реабилитация берилиши керек? Бул абсурд да. Кээ бир абийири жок адамдардын эле курулай аракеттери болуп жатат. Андайларга УКМК эскертүү берип туура кылды.

— Бакиевдин убагында да, 6-апрелде Текебаевди үйүнөн алып кетип, камашкан. Атамбаев болсо кайдагы бир шылуун Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен түрмөгө отургузду. Саясий куугунтуктун курмандыгы болуп келаткан Өмүрбек Чиркешовичти жаңы бийликте чыгат деп ойлодук эле. Ал тилекти да таш каап, соту да улам жылып келет. 21-августта соту болот, жаңы ачылган жагдайлар менен Жогорку Сот аны актайт деп ойлойсузбу?

— Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов саясий куугунтуктун эле курмандыгы болуп келишүүдө. Муну баардыгы эле билип турушат. Бийликке ушундай кырдаал керек экен да. Эмне үчүн, түшүнүксүз! Текебаевдерге жалган көрсөтмө берген Орусиялык шылуун Маевский өзү бүгүн түрмөдө отурат. Эми 21- августту күтөлү. Жогорку соттун бир аз болсо дагы акыйкаттыгы билинсе, албетте, экөө тең түрмөдөн чыгат. Кана, эми ошол күн келсе! Эл күтүп жатат. Болбосо, эл өзү деле чыгарып ала турган кырдаал күтүлгөндөй. Эми андан Кудай сактасын!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.