(ВИДЕО) “Мискенбаев баш болгон таластыктар мени коргоп жатат”,-дейт Атамбаев. Айла жок күлөсүң да…

(ВИДЕО) “Мискенбаев баш болгон таластыктар мени коргоп жатат”,-дейт Атамбаев. Айла жок күлөсүң да…

Максим Бакиевдин Кой-Таштагы жерин мамлекетке өткөрбөй, хан сарай салып, аоесуз байыган Атамбаев ар бир алтынчы күнү концерт көрүп, жыргап жүрөт.  Кимден коргонуп жатканы белгисиз? Айтор, ошол үйүнө “Элдик штаб” түздүрүп, тарапташтарын тегерегине чогултуп алып, чөмөлөйдүн алдына таш чогултуп, коргонуп, чепкенде жатат. Күнүгө тарапташтары менен кечке маал жолугуп, балп деген сөздөрүн айтып турат. Эч өзгөрүү жок, күнүгө ошол көрүнүш. Болгону Атамбаев жанан анын тарапташтары балп деп сүйлөп, жаңылык киргизип турушат. Кечээ, 4-августта да балп деп калп айткан жаңылык киргизишти. “Таласты билесиңер, Талас кандай болчу, мен кеткенде ар бир айылда, ар бир үйдө бир, экиден машина туруп калды. Таластыктар, Мээрбек Мискенбаев баш болуп, мени биринчи күндөн бери коргоп жатышат”,-дейт күйдүргөн Атамбаев. Бир Мискенбаевин (ушуга күнү түшүп калгандан кийин эле бийликте турганда кандай адам болгонун билбейби бул адам. Кадыр-барктуу, салмактуу, илимдүү, билимдүүнүн баары Атамбаевден жүзүн буруп кеткени качан. Көрсө, Атамбаев өзүнөн деңгээли жогору турган адамды кодулап, төмөндү колдойт тура — авт.) бетине кармап, жалпы таластыкты атаганы туура эмес. Таластыктар Атамбаевди жек көрөт. Себеби, президенттик шайлоонун алдында таластыктарды «Абыке, Көбөш» дегени аз келгенсип, «менин саясатым жакпаса, Казакстанга кеткиле!»,-деген. Аны эл унута элек.

Эми карагыла, жанындагы кошоматчы аялдардын бири: «Силердин айылыңардан, Воронцовкадан келин алганбыз»,-деп мактап кирди. Воронцовка кайда да, Кой-Таш кайда? Бул аял дагы: «Азыр тынччылык жок. Коркуп калдык жашагандан»,-дейт күйдүрүп… Бири болсо: «Буйруса, жакында свет өчүп, тезек теребиз»,-деп тантыраса, экинчиси: «Атамбаев акча берген жок, өзүбүз келип атабыз»,-дейт актанып… Тепилдеген аял: «Алты жыл аз эле туруп калдың, дагы турсаң болмок»,-дейт го, күлдүрүп…

Бири-бирин мактап, тантырап сүйлөгөндөрүн төмөнкү ВИДЕОдон көрүп, өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз!

Мен билгенден таластыктар Атамбаевди өтө жек көрөт. Жөн эле жалпы таластыктарды өзүнө жабыштырбасын да. Мискенбаевге окшогон «чимкирик элитасы» эле коргобосо, жалпы таластыктар коргобойт. Тиги аялдардын да «таластыктар» деп сүйлөгөнүн өзү туура эмес. Аларга да Атамбаевдин жаман адаты жугуп жаткан го, калп айтып, балп деген. Уят эле, чоң эле аялдар… Кошоматтын да чеги болот да!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.