“АТА МЕКЕН”: “Жогорудагы буйрукту аткарбай, Солтон-Сарыны тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырабыз”

“АТА МЕКЕН”: “Жогорудагы буйрукту аткарбай, Солтон-Сарыны тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырабыз”

“Ата Мекен” партиясы Солтон-Сары окуясы боюнча билдирүү таратты. Толугу менен төмөндөн окуй аласыз.

Урматтуу премьер-министр, 28 жылдан бери, биздин өлкөдө жаратылыш ресурстарын казып алууга лицензия алган чет элдик ишкерлер иштей баштагандан бери, мындай компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келет, буга алардын биздин өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктарына, укуктарына жана экологияны коргоо, кыргыз мыйзамдарын жана Конституциясын сактоо тууралуу адилеттүү талаптарына болгон кайдыгерлиги себеп болууда.

Ушундай эле маселе бүгүн Солтон-Сарыда кайталанып турат, жергиликтүү тургундар айласы түгөнүп, өз көйгөйүн өзү чечүүгө бел байлады, анткени жергиликтүү бийлик, мамлекеттик борбордук бийлик алардын кайрылууларына, өтүнүчтөрүнө көңүл кош карап, өзүнүн кемчилдигин көрсөттү. Бийликтин болгон күчү ал жакка күч органдарын жөнөтүүгө гана жетти.

Биздин өлкөдө кандайдыр-бир окуя жүз бергенден кийин гана маселе чечилип калды, башка чара көрүүгө кесипкөйлүк жетишпейт, өз өлкөсүнүн жарандарынын алдында жоопкерчиликти моюнга алуу ниети жок. Ал эми бизде иштеп жаткан чет өлкөлүктөр тууралуу айтпай эле коелу. Алардын көбүн биз инвестор дебей койсок деле болот, анткени алар инвестициялабай эле, жергиликтүү уятсыз чиновниктер менен биргелешип алып, биздин кен байлыктарыбызды талап тоноп жатышат.

Биз премьер-министрди жана Солтон-Сарынын жергиликтүү бийлигин тургундарга зыян тийбегендей кылып, тынчтык жолу менен маселени жөнгө салуу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө чакырабыз. Тилекке каршы, биздин күч түзүмдөрүбүз акыркы убакта Баш мыйзамдан тарта бардык мыйзамдарды унутта калтырып, жогортон түшкөн буйрукту аткарып калышты. 
Калктын саламаттыгына, Солтон-Сарынын, дегеле ошол аймактын экологиясына келтирилген зыянды иликтөөнү, айлана-чөйрөнүн мындан ары бузулушуна жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, керек болсо, кен байлыкты жаап салууну жана күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз.

Биз мындан кийин да, Нарын областында болуп өткөн окуяларга мониторинг жүргүзүп, жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийликтин милдеттерин талапка ылайык аткаруусун көзөмөлдөп турабыз.

«Ата Мекен» партиясы

Эскерте кетсек, кечээ, 5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжалдан жабыркагандар бар, «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери Нарындагы ооруканадан чыгарылса, оор жаракат алган жергиликтүү тургун дарыланууда. Жергиликтүү тургундар кытайлык компания ишин токтотушун талап кылып келишүүдө. Буга чейин бийликтен К. Боронов барып кеткен. Ал бүгүн да  барды. Андан тышкары, губернатор Аманбай Кайыпов, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү барып, азыр да жүрөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.