Даарыгандардын дартын, картын, шартын жалгыз көтөргөн датка кыз. Ал — Аида Салянова!

Даарыгандардын дартын, картын, шартын жалгыз көтөргөн датка кыз. Ал — Аида Салянова!

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Куттуктоолорго биз дагы кошулабыз! Биздин белегибиз сизге ушул болсун, бүгүн кечке биздин редакцияга келген куттуктоолорду, дегеле СИЗ жөнүндө калыстыгын айткан адамдардын пикирин, сайтыбызга (alakan.biz) жарыялап турабыз.

Финляндиядан куржунубузга түндө куттуктоо келип түшүптүр. Анда эмесе, Хельсинки шаарында жашап, иштеп жаткан журналист кесиптешибиз Асыран Айдаралиевдин куттуктоосуна назар салыңыздар!

Мен Аиданы чыныгы адамдардын, чындыкты туу туткандардын, актыкка умтулгандардын кумири, же болбосо азыркы заманды өздөрүнө «менчиктеп», таман алдына былчыйта басып алгысы келип, чылгый көпкөн арам тамак «доңуздардын» доорундагы кадимки Курманжан Даткасы деп дагы бир баса белгилеп айта алам. Болсоңор ушундай Датка болуп алгыла, болбосоңор жок. Эмне дегенде, так ошол арам тамак, жеп-жутаарлардын тикелей кийлигишүүсү менен, көзү көр, кулагы керең бийликтин тымызын баш ийкөөсү аркылуу эч бир далилсиз, себеби түшүнүксүз жагдайда абакка, болгондо дагы өтө оор шарттагы, коркунучу күч делген СИЗОго атайылап олтургузуп койушту. Бирок, белгилүүсү ушул, аны баарыбыз эле билип турабыз, тайраңдаган арам тамактардын өч алуусу экенин. Ал эми эси жок бийлик тараптагылар эсирип, эптеп бир нерсе дедире алышпай айлалары алты куруп, эстери эки кетип, баштары маң.

Кандай болгон күндө да азыркы күндөгү менмин демиш эткен аткаминээр, элита сөрөйлөрдүн бирөө да Аида САЛЯНОВАнын алдында тырмагына да тең эмес экендерин ачык мойундабаска аргаңар калган жок. Жалгыз айымдын жанында пас, коркок, алсыз, шөмтүрөк экениңерди ачык көргөзүп койдуңар!

Каалашынча жеп-жутуп, боткону болушунча чалгандар дароо доңуздай догурунуп, көздөрү аңтарылып, чала жан, бечара болуп чыга келишти. Ал эми абийирден, ар-намыстан, адамдык сапаттан тумтак ажырап калган эркек «сөрөйлөрдүн» баарынын күнөөсүн жалгыз өзүң көтөрүп, жазыксыз кордолуп, арам тамактардын айынан кор болуп жатканыңды чыныгы ЭРДИК катары баалайм! Ак ийилет, бирок сынбайт, Аида! Бүгүн болбосо, эртең сөзсүз бүт баары ордуна келет, кыргыздын майтарылбас кызы, накта генералы Аида Датка САЛЯНОВА!

Туулган күнүң кут болуп, ылайым ден-соолугуң темирдей бекем, чымыр жана чың болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.