Динар ТУРДУГУЛОВА: “Аида Салянова кыргыздын азыркы Жаңыл мырзасы”

Динар ТУРДУГУЛОВА: “Аида Салянова кыргыздын азыркы Жаңыл мырзасы”

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Куттуктоолорго биз дагы кошулабыз! Биздин белегибиз сизге ушул болсун, бүгүн кечке биздин редакцияга келген куттуктоолорду, дегеле СИЗ жөнүндө калыстыгын айткан адамдардын пикирин, сайтыбызга (alakan.biz) жарыялап турабыз.

Өмүрбек Чиркешовичтен байма-бай интервью алып, актуалдуу маектерди коомчулукка жарыялап жүргөн журналист кесиптешибиз Динар Турдугулова да Аида Жеңишбековнаны «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу куттуктады.

Аида Салянованы “кыргыздын азыркы Жаңыл мырзасы”,- дешет. Туура айтылган. Ал бийлик үчүн абийирин сатпай, өз ыктыяры менен кызматын таштап кетүү аркылуу кадыр-барк күткөн аялзатынын бири болду. Салянованын басып өткөн жолу, кызматтагы абалы, чындык үчүн адилеттүү жана калыс иштегени, коррупцияга каршы аеосуз күрөшү тууралуу өзүнчө бир тарыхый очерк жазууга арзыйт. 
Башкы прокурор болуп турганда жогорку кызмат адамдарына, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарына карата кылмыш иштерин Президенттин администрациясынан болгон телефон чалуулардын негизинде эмес, мыйзам бузууларды көзү менен көрүп турганы үчүн козгогон. Бул өңүттөн алганда, ал бийликтин көзүн карабай, өз алдынча иш жүргүзгөн алгачкы Башкы прокурор болуп саналат. 
Журналист катары Аида Женишбековнаны көп жылдан бери билем. Ал эми “Ата Мекендин” катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандан бери иштешип, жакындан таанып калдым. Аида айым бийик кызматтарда такшалган, эркин ой жүгүрткөн саясатчы. Өзүнүн көз карашына, позициясына бекем тургандыгы менен кыргыз жаштарына үлгү болоору шексиз. 
Учурда Салянова тарыхтын улуу сыноосун баштан кечирүүдө. Эртеби, кечпи, тарых баасын берет, бул кыйынчылыктарды жеңет. Эн башкысы, аялзаты экенине карабай, ыйманына камчы чаап, намысын сатып, жалган айтып, адамдык касиеттерин тебелеген жок, сынган жок. 
Ушунуңуз менен бийик аялсыз, Аида Жеңишбековна! Туулган күнүңүз куттуу болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.