КАПТАГАЕВ: “Атамбаевдин “көмүр аферасын” айтып чыккан – жүрөгүндө жалы бар кызыбызды куттуктайм!”

КАПТАГАЕВ: “Атамбаевдин “көмүр аферасын” айтып чыккан – жүрөгүндө жалы бар кызыбызды куттуктайм!”

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Куттуктоолорго биз дагы кошулабыз! Биздин белегибиз сизге ушул болсун, бүгүн кечке биздин редакцияга келген куттуктоолорду, дегеле СИЗ жөнүндө калыстыгын айткан адамдардын пикирин, сайтыбызга (alakan.biz) жарыялап турабыз.

2010-11-жылдардагы өтө оор кырдаалда Аида Жеңишбековна менен бирге иштешкен, президенттин мурдагы аппарат башчысы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин да куттуктоосу келди.

-Аида Салянованы коомчулук өз позициясы, карманган идеалдары бар, абийирин сатпаган инсан, жогорку квалификациядагы юрист катары тааныйт, анын инсандык сапаттарын жакшы билет. Кыргызда мындай адамдарды “жүрөгүндө жалы бар” деп коюшат. Мына ошондой беттегенинен кайра тартпаган эрдиги, баштаган ишинин аягына чыкмайын тынбаган өжөрлүгү, коомдун тазалыгы үчүн жанын курман кылууга дагы даярлыгы менен Башкы прокурор кызматына дайындалгандан көп өтпөй эл оозуна алынып, бир топ оор кылмыштардын бетин ача алды, даражасына, ээлеген кызматына карабай бир топ коррупцияга аралашкан аткаминерлерди жоопко тартты. Мына ошондой касиеттери бар үчүн учурунда Атамбаев менен чабышты, жалтанган жок, анын «көмүр аферасына» тиешеси бар экендигин ачык айтып чыкты. Жыйынтыгында Атамбаевдин каарына калды, кызматтан кетти, жок жерден жалаа жабылып өмүрлүк жары сот жообуна тартылды. Абийиринин тазалыгы жана аялзатына гана тиешелүү сезимталдыгы бар үчүн учурунда кол алдында иштеген прокуратура кызматкерлерин Батукаевдин иши боюнча курмандык болуп кетүүдөн сактоого аракет кылган, Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында жок жерден жоопкерчиликти моюнга алды. Мындай кадамды ар бир жетекчи эле жасай бербейт, тескерисинче орун басар же дагы кимдир бирөөнү сала берип чыгып кетет. Эми болсо ошо кыңыр иши бар прокурор кызматкерлери кайра өзүнө жалаа жаап жатышат, өз баштарын коргоонун айласын кылып ыйманын жеп жатышат. Азыр дагы «Атамбаевге түз көрсөтмө бер, Атамбаев тапшырма берген деп айт» — деп кыйноого алып, ден соолугу боюнча өтө оор абалына карабастан СИЗОдо камап жатышат, кичине кызы чыркырап күнүгө энесин издеп куса болуп ыйлап жатат. Баткукаевдин бошонуп кетишине түз тиешеси барлардын баары бош, үйүндө жүрүшөт. Ал эми Аида Жеңишбековна болсо «жок нерсени бар деп кантип айтмак элем, Батукаев чыгып кеткенче бул маселеге тиешем жок, андан кийинки окуялар боюнча гана айта алам, көрсөтмө бере алам, курулай жалааны моюнга ала албайм …» — деп жан кыйнаган ооруга чыдап тиштенип отурат түрмөдө. Муну деле жөнөкөй адам жасай албайт, өз башын ала качып тергөөчүнүн айтканына макул болуп чыга бермек. Бирок, Аида анткен жок, жалган айтып, жалаа жаап өз башын сактоо аракетин да кылган жок. Мына ошол Аида Салянованы сындырабыз деген аракеттердин натыйжасында күйөөсү ак жеринен соттолду, бир тууганына жалган айып тагылып, чет жакта жүрөт, бирөөсү болсо бейкүнөө каза болуп калды, тагыраак айтканда, өлтүрүп салышты. Тагдырдын мындай сыноосуна ар ким эле чыдай бербейт, бакыйган эр жигиттер да сынат, мүңкүрөйт. Башына өтө оор сыноо түштү, адам чыдагыс сыноо. “Ак ийилет – бирок сынбайт”, – дейт. Аида Жеңишбековнанын жүрөгү ак, ниети таза.

Мен жакындан билген, 2010-11-жылдардагы өтө оор кырдаалда бирге иштешкен киши катары туулган күнү менен куттуктайм, ага кааларым – аманчылык, ден соолук, учурдагы оор сыноого туруштук бере ала тургандай кайрат жана эрк каалайм, Кудай колдосун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.