Ширинай КУБАНЫЧБЕКОВА: “Аида Саляновадай сулуу, акылдуу, прокурор болгум келет”

Ширинай КУБАНЫЧБЕКОВА: “Аида Саляновадай сулуу, акылдуу, прокурор болгум келет”

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Биздин белегибиз ушул болсун деп, бир күндү сизге арнадык. Бүгүн кечке сизге арналган куттуктоолорду сайтыбызга (alakan.biz) жарыяладык. Алсак, Айгүл Текебаева, Эмилбек Каптагаев, Асыран Айдаралиев, Жолдошбек Сыдыков, Каныбек Осмоналиев, Динар Турдугулова, Ауыт Мұқибек. 

Интернеттен Темиркан Төрөбаевна аттуу айым:Аида Салянова Женишбековнаны наристелер да идеал тутушат. Жакшы адамды чын жүрөктөн, жүрөк туюму менен таанып билишет. Кызым Ширинайдын куттуктоосу”,-деп жазганын жана кызынын куттуктоосун окуп калып, ичим элжиреди. Дароо Темиркан айымга жазып, кызы менен байланыштырып, сүйлөштүрүп коюну сурандым. Ширинай менен телефондон сүйлөштүк. Анда эмесе, Ширинайдын ширин маегине көңүл буруңуздар!

-Ширинай, Аида Салянованын туулган күнүн кайдан билесиң?

-Интернеттен окудум. Бирок, мен буга чейни эле билчүмүн. Менин туулган күнүм 11-август. Мен 9 жаштамын, 4-класска көчтүм.

-Куттуктоону өзүң жаздыңбы?

-Ооба, өзүм жаздым. Баарын өзүм даярдагам.

-Аида Салянованы кайдан билесиң?

-Мен прокурор кезинен билем. Телевизордон көргөм.

-Жолуга элексиңби?

-Жолуга элекмин. Биз алыс жашайбыз да. Кара-Кулжа районундагы Биринчи май айылында жашайбыз. Аида Салянова апрелде Ошко келем деп келбей калды. Ошондо жолукмакмын. Биз телефондон сүйлөшүп турабыз. Туулган күнүн куттуктачумун, эжекем мени куттуктаган.

-Жолуккуң келеби? Эгер жолуксаң эмне дээр элең?

-Ооба, жолуккум келет. Жолуксам, “мен сиздей прокурор болгум келет”,-демекмин.

-Эмнеси жагат?

-Мага мээримдүү жүзү жагат. Сулуу, акылдуу. Мен чоңойгондо Аида Саляновадай прокурор болгум келет. Апам да: “Аида Саляновадай акылдуу бол”,-дейт.

-Классташтарың билеби?

-Жок, алар билишпейт. “Ал ким?”,- деп сурашат. “Прокурор” десем да түшүнүшпөйт.

-Үйүңдөгүлөр сөз кылабы?

-Ооба, сөз кылат. “Саляновага Бишкекке барабыз, сени менен жолуктурам”,-деди апам. Ошол күндү күтүп жатам.

Темиркан ЖОРОБЕКОВА: “Салянованы кызым үч жашынан баштап жакшы көрдү”

Ширинай менен сүйлөшүп бүткөн соң, апасы менен сүйлөшсөм, кызы жөнүндө буларды айтты: “Ширинай жалгыз кызым. Жакшы окуйт, отличница. Ыр жазат, мага арнаган беш ыры бар. Ата Мекен, жер, суу жөнүндө жазат. Кызым кенедейинен, 3 жашынан эле Аида Салянова менен Таттыбүбү Турсуналиеваны жакшы көрдү, сыягы экөөбүнүн келбетин окшоштурат окшойт. Саляновага кызым эмес, өзүм да жолуга элекмин. Жүз көрүшө элекпиз. Интернет аркылуу эле таанышып калып, телефондон сүйлөшүп турчубуз. Биз деле кызматка келгени билдик, телевизордон көрдүк. Кылган иштерин көрүп, угуп жатабыз. Ушундай болот деп ким ойлоптур? Бул дагы болсо сыноо. Ушул сыноодон кутулуп, эркиндикке чыкса, буйруса, кызым менен барам, таанышам. Же бизге, Ошко келип калаар. Кудай ал күн да алыс эместир. Айылдын баары билет, кызым Аида Салянованы жакшы көрөөрүн. Жолугушчу күндү кут кылсын! Дагы бир жолу биздин үй-бүлөнүн атынан туулган күнү менен куттуктайбыз”,-дейт Темиркан Төрөбаевна.

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.