Жолдошбек СЫДЫКОВ: “Аида Саляновадай чечкиндүү прокурор кыргызда болгон эмес”

Жолдошбек СЫДЫКОВ: “Аида Саляновадай чечкиндүү прокурор кыргызда болгон эмес”

Бүгүн, 6-август, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Юстиция министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, юридика илимдеринин кандидаты, үч баланын апасы Аида Салянованын өздүк майрамы. Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн социалдык тармак колдоочулары кечээ эле куттуктап башташкан. 

Куттуктоолорго биз дагы кошулабыз! Биздин белегибиз сизге ушул болсун, бүгүн кечке биздин редакцияга келген куттуктоолорду, дегеле СИЗ жөнүндө калыстыгын айткан адамдардын пикирин, сайтыбызга (alakan.biz) жарыялап турабыз.

Социалдык тармактарда активдүү катышкан, ар бир ишке калыс сөзүн кыргызча, орусча жазган Сыдыков Жолдошбек агайыбыз бар. Ал учурда Нарын шаарында жашайт. Алыста турса да, Аида Жеңишбековнанын туулган күнүн унутпай, куттуктоо сөзүн бизге жиберди.

Аида Саляновадай чечкиндүү прокурор кыргызда болгон эмес. Ал бардык күчүн бийликтеги жемкорлорго колдонду. Албетте, ушул иши менен өзүнө көптөгөн, болгондо да таасирлүү душмандарды күтүп алды. Атамбаевдин бийлигинде иштеди, бирок, ага башкалардай болуп «колаарчы» болгон жок. Коррупциялык иштердин учу мамлекетте, эң бийик орунду ээлеп турган Атамбаевдин өзүнө келип такалганда, Салянова ага каршы ачык күрөштү баштады. Акыры мамлекеттик бийликтин бутактарына жык толуп алган, Акаев-Бакиев замандарында элдин ырыскысын жеп көтөрүлгөн, Атамбаевдин тактысына түркөк болуп алган «бийик даражалуу» коррупционерлер аларга аёосуз күрөштү ачкан Салянованын түбүнө жетишти. Болбогон бир шылтоолор менен соттошту, эми мына минтип түрмөгө да камашты. Бирок, алардын аракеттери акыры ишке ашпайт! Салянованы эл актайт, тарых актайт, келечек актайт! Бүгүн Сиздин эмгегиңизге урпактар муктаж!

Урматтуу Аида Женишбековна! Сизди өздүк майрамыңыз менен куттуктайм! Сиз кыргыздын тарыхында жаркыраган жылдыз болуп жандыңыз! Сиз мамлекеттик мыйзамды коргогон алгачкы элдик прокурор болдуңуз! Сиз бийликтеги эки жүздүүлөрдү, чыккынчыларды, кылмышкерлерди аяган жоксуз! Сиз Курманжан Датка, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу мекениңиздин, элиңиздин келечеги үчүн күрөштүңүз! Алар жеңди – Сиз да жеңесиз! Анткени, Аллах чындыкты сүйөт! Анткени Сизди эл, журт, жер көтөрөт! Кудайым Сизге ден-соолук, күч-кубат, кайрат, узун өмүр берсин!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.