Депутаттар Саляновага түрмөгө барышып, жанында кимдер отурганын айтышты

Депутаттар Саляновага түрмөгө барышып, жанында кимдер отурганын айтышты

Бүгүн, 7-августта, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев менен Наталья Никитенко кечээ 47 жашка толгон Аида Саляновага барышып, андан кабар алышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Каныбек Иманалиев өзү билдирип, буларды айткан: “Салянова маанайын көрсөтпөгөнгө аракет кылды. Бирок ден соолугу мурдагыдан начарлаганы сезилип турду. Жанында чек арадан мыйзамсыз өттү деп айыпталган казакстандык жана бухгалтерия боюнча кармалган эки кыз бар экен. Биз адвокат аркылуу анын ден соолугуна байланыштуу комиссия түзүү боюнча кайрылалы деп жатабыз”.

Салянованын ден соолугуна байланыштуу ЖАМКга өтүнүч кат жиберилди

Ошондой эле, бүгүн ЖАМК жана прокуратурага өтүнүч кат жөнөтүлгөнүн Салянованын туугандары билдиришкен. Кыскасын айтканда, ал билдирүүдө Салянова ооруканага чыгып дарылануусуна уруксат суралганы жазылган.

Буга чейин Аида Салянованын адвокаты жана туугандары ага дем жетишпей, жүрөк илдети өрчүп, ага панкардит деген жаңы диагноз коюлуп, дарылануусу керектиги айтып келген. Уруксат берилбегендиктен, адвокат Р.Садыкова мындай мамилени кыйноо деп эсептеп, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго кат жазган. Аталган борбор ошол арыздын негизинде Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп ЖАМКка кат жазган. Кандай жооп болоорун күтө туралы!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.