Зилалиевдин жубайына, балдарына Латвия иш козгоору менен аялы жооп кайтарды

Зилалиевдин жубайына, балдарына Латвия иш козгоору менен аялы жооп кайтарды

Мурдагы вице-премьер-министр, учурда камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына карата Латвиянын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгону бүгүн маалым болду. Бул тууралуу УКМК билдирүү таратты.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Зилалиевдин үй-бүлөсүнө «акчанын изин жашыруу» фактысынын негизинде иш козголгон. Мындай иш козгогонго Зилалиевге “мыйзамсыз баюу” фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш иши себеп болгон. Эсиңиздерде болсо керек, Башкы прокуратура Зилалиевге «мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып, анын ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Зилалиев болсо коюлган айыптын баарын четке кагып келет.

Жубайына келсек…

УКМК Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына таянып, буларды айтты: “Зилалиевдин жубайы Зульфия Зилалиева Латвиянын ири банктарынын биринде балдары үчүн депозиттик эсеп ачып, Жамиля, Бектур, Алима Зилалиевдердин наамына каттаган. Ошол эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуп турган”.

Зульфия ЗИЛАЛИЕВА: “УКМК күйөөмдү жаманатты кылуу аракетин кылууда”

Жогорудагы айыпты четке каккан Зульфия Зилалиева үй-бүлөсү бир да өлкөдө эч кандай мыйзам бузбаганын «Азаттыкка” айткан. Анын айтымында, УКМК тараткан маалымат туура эмес, мунун баары ойлоп табылган жомок, эптеп эле күйөөсүн жаманатты кылуу аракети жүрүүдө экен. Анткени менен Латвияда балдарына банк эсеби бар экенин танбаптыр. “Ооба, чындыгында Латвияда биздин балдардын банк эсеби бар. Аны мен 2016-жылы сентябрда Ригага барып ачып келгем. Банкка жалпысынан 42 миң доллар салынып, үч балабызга 14 миң доллардан бөлүнгөн. Ал эсеп болгону акча чогултууга багытталган, эч кандай акча которуу операцияларын жүргүзүүгө болбойт. Ал эми «ал эсептерден ири өлчөмдөгү каражат которулган» деген карандай калп. Ошондуктан мен УКМКдан документтерди коомчулукка жарыялоону талап кылам. Анткени алар болгон документти биздин үйдү тинтүү учурунда алып кетишкен. Же болбосо тараткан маалыматты жокко чыгарышын талап кылам. Банк эсебине салынган каражат өзүбүздүкү, үйдү саткан акчалар”,-дептир З.Зилалиева.

Дүйшөнбек Зилалиев өзү эмне дейт?

Мындай маалымат боюнча «Азаттык» Зилалиевге суроо узатып, жооп алган. Ал: “Менин адвокаттарым УКМКнын маалыматы боюнча, Интерполго кайрылуу жөнөтөт. Жообу келгенде анын жыйынтыгын силерге ачык айтабыз. Латвияда балдардын эсебине билим алышы үчүн чоң суммада эмес, 5-6 миң же 14 миң доллардай каражат салынган. Мен Латвияга өзүм барган эмесмин, эсеп бул жактан ачылган, — деген.

Зилалиевдин үйүнөн чыккан миллион акчалар, кымбат буюмдар…

Ошентип, аялы экөөнүн берген маалыматы эки ача чыгууда… Аны жогоруда уктуңуздар! Ал эми алардын үйүнөн чыккан акчалар жөнүндө эмне дешет? Былтыр, декабрда, алардын Бишкектеги үйүнөн миллиондор чыгып, оозду ачырган. Зилалиевдин үйүн тинтүү учурунда 2 миллион 900 миң сом, 100 миң доллар чыккан. Андан тышкары, кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар табылган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

СҮРӨТ: Интернеттен алынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.