Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Эки тараптын эрегишүүсүнөн чырактай жигит каза тапты”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Эки тараптын эрегишүүсүнөн чырактай жигит каза тапты”

Кечээ, 7-августта, кечки саат сегиздерде күч кызматкерлери Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын баштаган. Кырдаал курчуп, ортодо (УКМКнын айтымында, желим ок – авт.) ок чыгып, жаракат алгандар (алардын арасында Сегизбаев менен Мискенбаев да болгон) тез жардам менен ооруканага жеткирилип, бөлүктүн аскери каза болду. Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматына караганда, ооруканада жаткандардын саны 44кө жеткен. Өтө өкүнүчтүү окуядан кийин, сар-санаа болуп социалдык тармактарды тиктеп, таң атканга чейин отурдук. Түн бир оокумда экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевич менен маек курдук.

— Каныбек мырза, Кой-Таштагы окуяда бейкүнөө эл жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болуп баарыбыздын кабырганы кайыштырды. Атамбаев убагында суракка барып койгондо, мындай трагедия болбойт беле?

— Атамбаевдин бул кылган иши, албетте, туура эмес! Суракка барып, бардык жарандардай эле мыйзамды сактоосу керек эле, да! Ал Кой-Ташта карапайым элге жамынып алып, эки айдан бери эле жашынып жүрбөдүбү. Азыркыга чейин эле карапайым элди калкан кылып келди. Эми анын күнөөсү өтө ашып кетти. Токтоосуз адилеттүү жазасын алуусу керек! Анткени аягы ушундай трагедия болду. Бирөөнүн чырактай, 22 жаштагы баласы каза болду! Болгондо дагы өзүнүн эле мекендештеринин колунан. Эки тараптын эрегишүүсүнөн! Өлүм өзү кандай гана трагедия! Жаш өлүм же бейажал өлүм ого бетер! Бейажал таап, жаш кеткен жигиттин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам!

— Буга ким күнөөлүү, бийликпи, Жогорку Кеңешпи же Атамбаевби?

— Эмне үчүн мыйзам жолуна түшө алышкан жок? Бийлик эмнеге эле эзилип отуруп алды? Эмнени күттү? Иши кылса чоң айыптар эки жактан тең болуп калды! Укук коргоо органдарынын дагы мажирөөлүүгү ушуга алып келди! Бир жагы эле күнөөлүү дегендин өзү адилетсиздик катары кабыл алынат, эл тарабынан. Кан төгүлүп жатканда, Кудайдын алдында, кээ бирөөсүнө жасакерленбей ачык жана калыс сүйлөйлүчү! Чынын айтканда, өчөшүп алышпадыбы? Эки жак тең күнөөлүү. Жогорку Кеңеш дагы адилеттүүлүк ролун аткарган жок! Мен Жогорку Кеңештен эчак эле түңүлгөмүн! Кезектеги эле бир пиар компанияларын өткөрүшүп, «күйүп-бышып» кыйкырган болушуп, борпоң токтомду кабыл алып коюшуп кетип калышат, го? Канча какшап эскертип келдик. Бири дагы угуп коюшпады! Биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. “Бийликти колуман чыгарбайм!” деген эле оорукчан амбициясынын натыйжасы ушундай болду!

— Күүгүм киргенде депутат Карамушкина ачууланып, түнкүсүн депутат Кодуранова көзүнө жаш алып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Алар буга чейин Атамбаевдин суракка баруусун суранышса болот беле?

— “Атамбаевдин суракка чакырылышы баардык мыйзамдуулуктун чегинде орун алган”,- деп сайрап жатышты эле го? Анда эмнеге чечкиндүүлүк менен эле аракет кылышкан жок! Эми биз дагы кызуу кандуулукка алдырбай, бийликтен адилеттүү кадамдарды күтөлү! Себеби, президент 8-августта Коопсуздук Кеңешин өткөрсө, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат экен.

— Атамбаев да “арты жаман болот” деп бийликке кайрылуу жасады. Буга чейин да ал: “жатып өлгөнчө, атып өл!”,-дейт”,- деп курал колдоно турганын айткан эле. Ок кайдан атылганы талашты жаратууда. УКМК “желим ок” десе, Атамбаевдин тарапташтары “боевой ок”,-дешүүдө.

— Атамбаевдин антип айткан сөздөрүн көп эле угуп, убагында эле түңүлгөмүн. Эгер үйүндө курал кармап жүргөн болсо, бул чоң кылмыш! Муну изилдеш керек!

“Бул боюнча Путин кабардар болду, самолет жиберип, Атамбаевди алып кетет экен”,-деген имиштер тарады… Анын кийлигишкенге акысы барбы?

— Путиндин эми кийлигишкенге моралдык акысы жок! Тынч эле өз оокатын кылса болот эле, ал дагы!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.