Курал менен катуу каршылык көрсөткөнү үчүн Атамбаевге кандай чара көрүлөөрүн президент айтты…

Курал менен катуу каршылык көрсөткөнү үчүн Атамбаевге кандай чара көрүлөөрүн президент айтты…

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алып, кечээги Кой-Ташта түзүлгөн кырдаал боюнча маалыматтарын угуп, аягында жыйынтык чыгарып, чечим кабыл алганы айтылды.

Президент С.Жээнбеков: «Алмазбек Атамбаев КРнын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп, копсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин баса белгилегени маалым болду.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында УКМКнын кармоо операциясы ишке ашпай калып, кагылышуу болду. Спецназдын бир жигити каза болду. Жаракат алгандар ооруканада дарыланууда. Атамбаев болсо, кайра эле Кой-Таштагы үйүнөн «жаркылдап» чыга калып, журналисттердин суроосуна жооп берди. Ал түндө колго түшпөш үчүн ок атканын да мойнуна алды. Атүгүл бүгүн Ак үйдүн алдына бара турган пландарын да айтты. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.