ВИДЕО: Атамбаевдин үйүндөгү курал-жарактарды Жолдубаева ИИМге өткөрүп берди

ВИДЕО: Атамбаевдин үйүндөгү курал-жарактарды Жолдубаева ИИМге өткөрүп берди

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кайра бүгүн, 8-августта кечки саат төрттө башталган. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн темир дарбазасын чопкутталган машине менен сүзүп кирип, кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, экс-президенттин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Кечке маал, ал жерге, саат жетиге жакын ИИМ министри К.Жунушалиев, анын орун басары К.Асанов келген. Алгач Курсан Асанов эшик аркылуу Кундуз Жолдубаева  менен сүйлөшүп (кечээ спецназдагы барымтага алынган балдардын колунан тартылып алынган курал жөнүндө сөз болууда — авт.), курал-жарактарды алууну суранган. Атамбаев “мени атып салгыла, балдарга тийбегиле!”,-деп анын сөзүн алгандан кийин, Асанов кирип, курал-жарактарды санап, өткөрүп алган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Эскерте кетсек, кечээ, 7-августта, Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнөн кармоо операциясы УКМК тарабынан башталып, ишке ашпай калган. Эки тарап кагылышып, бир нече киши жабыркап, ооруканага жеткирилип, дарыланууда. Башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Спецназдын офицери оор абалда түшүп, каза болду.

Бул башаламандык боюнча бүгүн, 8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгоп, ИИМ сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.