“Замандаш” партиясы Кой-Ташта каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

“Замандаш” партиясы Кой-Ташта каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов Нарындагы «Солтон-Сары» алтын кени боюнча чыр чыккан жерде жүрүп да, Кой-Таштагы кырдаалга көз салып,  “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

-Урматтуу Кыргыз элим!

Азыркы кырдаалда элдин саламаттыгы, тынчтыгы, өмүрү өтө маанилүү.

Баарыңыздарды сабырдуулукка жана тынччылыкка, биримдикке чакырабыз! Жаратканым мамлекетибизди жана элибизди колдосун!

Карапайым элдин жабыр тартпоосуна эки тарап тең жол бербеши керек эле, тилекке каршы, адамдын өмүрү кыйылды. Карапайым элдин каны төгүлбөшү керек!

Каза тапкан атайы куралдуу күчтүн кызматкеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.