Атамбаевдин айыбы угузулуп, абакта калды, Жолдубаева бошотулду, Ниязов белгисиз

Атамбаевдин айыбы угузулуп, абакта калды, Жолдубаева бошотулду, Ниязов белгисиз
Сүрөт: «Спутниктен» алынды

Кечээ, 8-августта, кечинде Кой-Таштагы хан сарайынан кармалып, УКМКга алынып келинген экс-президент  Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 26-августка чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирүү таратты. Ал Атамбаевге карата коюлган айыптоолорго макул эмес, аны абактан бошотуу үчүн эл аралык сотко (Гаага сотуна) кайрылышаарын билдирди. Атамбаев өзү да коюлган айыптоолорду четке кагып, Баш мыйзамга каршы келээрин айтууда.

Кечээ, Атамбаев менен чогуу машина менен кеткен КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип, бошотулган. Бул боюнча анын адвокаты Замир Жоошев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын билдирүүсүнө караганда, К.Жолдубаева бошотулганы менен күбө катары кала берет. Жолдубаева «атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу» боюнча күбө катары сурак берген. Ошондой эле адвокат Жолдубаева менен суракка чогуу кирген Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчылары боюнча маалыматы жок экенин жазган.

Эскерте кетсек, кечээ, 8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгосо, ошонун негизинде ИИМ сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган.

7-августта, УКМК Атамбаевди кармоо  операциясын Атамбаевдин үйүнөн баштап, ал ишке ашпай калып, тирешүү болуп, жаңжал чыгып, бир топ адамдар жабыркап, бир офицер каза болгон. 6 аскер адамы барымтага алынып, кечээ бошотулган. Фарид Ниязов: «биздин талаптар аткарылмайын, аскер балдарды барымтадан бошотпойбуз!»,-деген. Ошол сөзү үчүн ал жооп бериши керек!

Атамбаевди ИИМ кантип кармап кеткени боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.