Бабанов эл менен жолугуп, үйүнө кетти. Аны эжелери ыйлап тосуп алды… (ВИДЕО)

Бабанов эл менен жолугуп, үйүнө кетти. Аны эжелери ыйлап тосуп алды… (ВИДЕО)

Бүгүн, 9-августта (Курман айттын алдында), Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келип, үйүнө кетти. Аны тосуп алууга айылдаштары, тарапташтары атайы Таластан келишкен. Алар “Манас” аэропортуна эки саат мурун барып алышкан. Ал саат үчкө чукул жакын келди. Күтүп турган элге ыраазычылыгын билдирип, аларды тынчтыкка, биримдикке чакырды. Сүрөп, кыйкырып тосуп алгандардын арасынан бирөө: “Атбашыга барасыңбы?”,-деп сурады. Журналисттер болсо “пресс-конференция бересизби?”,-дегенде, ал бербестигин билдирди.

“Манас” аэропортунун ичинен туугандары (эжелери) ыйлап тосуп алганын төмөндөгү “Азаттыктын” ВИДЕОсунан көрүңүз!

Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ: «Бабанов у себя дома»

ЖК депутаты Мирлан Жээнчороевдин «Всем спасибо! Бабанов О.Т. у себя дома. Нашей стране спокойствия и благополучия!»,-деп жазганын, экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн Мурат Соорбеков социалдык тармактагы баракчасына койду.

Атамбаевдин жеңилиши, Бабановдун жеңиши

Анын келээри кечээ (8-августта) түштөн кийин маалым болгон. Андай билдирүүнү партиялаштары тараткан. УКМК  Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен. Бабанов деле сурактан качпасын, барууга даяр экенин айтып, анан кайтып келди. Кечээ, ал мурунку, кийинки президенттерди ынтымакка чакырган. Ал кайрылуусун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Эскерте кетсек, УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки («2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» жана «бийликти басып алууга даярдык көрүү») деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин ал Москвада экени билинген. Ал быйыл жазында, апрелде Кыргызстанга кайтыш үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган.

Жогоруда коюлган айыптарды Бабанов өзү четке кагып, “саясий куугунтук” деп баалап келген. А чынында ошондой эле болчу. Ал кездеги ажо Атамбаев шайлоо учурунда аны аябай жамандап, бут тоскон. Атүгүл, аны колдогон таластыктарды да: “Абыке,Көбөш” деп, “саясатым жакпаса, Казакстанга кеткиле!”,-деп өз жеринен «кууган». Мына минтип, таба эмес, тобо, Бабановду камайм деген Атамбаев кечээ өзү темир тор артында калды.

Сүрөт: М.Соорбековдун баракчасынан алынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.