Маркум Үсөн НИЯЗБЕКОВДУН апасы: “Алты баласын жетим калтырган Атамбаевди өмүр бою каргап өтөм” (ВИДЕО)

Маркум Үсөн НИЯЗБЕКОВДУН апасы: “Алты баласын жетим калтырган Атамбаевди өмүр бою каргап өтөм” (ВИДЕО)
Сүрөт: «Кактустан», Видео «Элдик медиадан» алынды

Атамбаевди кармоо операциясында ок жеп каза болгон «Альфанын» командиринин орун басары, УКМКнын атайын даярдыктагы кызматынын башчысынын орун басары, подполковник Үсөн Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн (9-августта) Бишкектеги 7-кичирайондо болуп өтүп, сөөгү жерге берилди. Коштошуу зыйнатында маркумдун кандай адам болгону, мекен үчүн ак кызмат кылган эрдиги айтылып, эскерилди.

Маркумдун апасы Өктөм Мамаева өмүр бою Атамбаевди каргап өтөөрүн, мындай мыкаачы адам экинчи төрөлбөсүн тилеп ыйлады. Баласы өлкөнүн тынчтыгы үчүн күрөшүп, мекенге өмүрүн арнап келгенин, Африкада террористтер менен согушуп, мекенине аман келген баласы, өз өлкөсүндөгү террорист Атамбаевдин колунан ажал тапканын айтып, боздоду… Аны жердеги ВИДЕОдон жана төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңздөр болот.

47 жаштагы Үсөн Ниязбеков 7-августта ок жеп, оор абалда ооруканага жеткирилип, көз жумган. Анын артында алты баласы калды. Улуусу 21 жашта, кичүүсү бир жарым жашта. Апасы Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси.

Үсөн Ниязбековдун апасына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.