ВИДЕО: Атамбаевдин кызы менен баласы элге кайрылды

ВИДЕО: Атамбаевдин кызы менен баласы элге кайрылды

Кечээ (8-августта) кечинде колго түшүп берген, учурда УКМКда камалып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтчү кызы Алия Шагиева атасы кармалгандан бери социалдык тармактарга комментарий жазып жатат. Алгач ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Андан кийин, кичинекей кезинде атасы менен кучакташып түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, алдына: “Менин атам эр жүрөк. Эң мыкты. Чындык биз тарапта! Акыйкаттуулук жеңет. Биз сиз мененбиз!”,-деп жазды. Эми болсо, баракка жазган билдирүүсүн видео аркылуу окуп берди. Ал төмөндө.

Сейтек АТАМБАЕВ: “Мени эч ким кармап кеткен жок”

Алмазбек Атамбаевдин биринчи никесинен (Бүажар аттуу жубайынан) эки уул (Сейитбек менен Сейтек), эгиз кыздары (Диана, Динара) бар. Кичүү баласы Сейтек социалдык баракчасына: “Урматтуу кыргыз элим! Учурда мени эч ким, эч жакка кармап кеткен жок. Буга чейинки тараган маалымат боюнча айтсам, бир тууган агам Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришти. Чагымчылдыкка алдырбаңыздар, өлкөгө тынчтык керек«, — деп жазды.

Эскерте кетсек, УКМК Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта баштап, ал ишке ашпай калган. Ортодо тирешүү болуп, жаңжал чыгып, бир топ адамдар жабыркап, бир подполковник каза болгон. 6 аскер адамы барымтага алынып, бошотулган. Кечээ кечке маал Атамбаев колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгосо, ошонун негизинде ИИМ сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган. Бүгүн ИИМге суракка ЖК депутаттары Карамушкина, Кодуранова жана Ниязов, Жээнбеков, Мискенбаев, Жолдубаевалар чакырылган. Алардын ичинен Ниязов 48 саатка камалган, анын баш коргоо чарасы эртең каралат. Ошондой эле «Атамбаевдин баласы Сейитбек камалды. Үй-бүлөсүнө чабуул башталды»,-деген маалымат тараган. Агасынын камалбаганын иниси Сейтек жогоруда төгүндөп отурат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.