ВИДЕО: Кой-Таштагы окуя боюнча бир бала кармалды. Ал эмнелерди айтты?

ВИДЕО: Кой-Таштагы окуя боюнча бир бала кармалды. Ал эмнелерди айтты?

Бүгүн, 9-августта, Чүй облустук ИИБ “Кой-Таштагы окуяда жоокерлерди барымтага алган” деп, шектүүлөрдүн сүрөтүн  жарыялап, көргөн-билгендер болсо милицияга кабарлап коюуну өтүнгөн. Милициянын айтымында, алардын сүрөттөрү социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеодон алган. Алардын бири бүгүн кармалып, эмне үчүн мындай ишке барганын айткан. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, 7-августта УКМКнын «Альфа» тобу Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн суракка алып кетүү операциясын жасап, ал ишке ашпай калган. Атамбаев качып, жашынып калганда анын тарапкерлери «альфачыларды» кармап алып, куралдарын тартып алып, ур-токмокко алган. Фарид Ниязов “барымтага алынгандарды кое берүүнү эл чечет”,-десе, эртеси ал: “биздин талаптар аткарылган жок, ошон үчүн кое бербейбиз”,-деген. Атамбаев да алты жоокер анын үйүндө кармалып турганын тастыктап, түштөн кийин алар коё берилген. Атамбаев 8-августта кармалып, учурда УКМКда.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча алты фактынын негизинде иш козгогон. Ошонун негизинде ИИМ тергөө ишин баштаган. Алар бүгүн ЖК депутаттары А.Кодуранованы, И.Карамушкинаны, экс-депутаттар Р.Жээнбековду, М.Мискенбаевди, Ф.Ниязовду, К.Жолдубаеваны суракка алышты. Булардын ичинен Ниязов 48 саатка камалды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.