Атамбаевдин иниси Нурбек Шаршенов УКМКга алынып келинди (ВИДЕО)

Атамбаевдин иниси Нурбек Шаршенов УКМКга алынып келинди (ВИДЕО)

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Кундуз Ажибекова эки жарым саат мурда өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына: “Сегодня забрали Шаршенова Нурбека Балибековича в ГКНБ, он приходится братом Алмазбеку Шаршеновичу!”,-деп жазып, тарткан сүрөтү менен видеосун жайгаштырган. Ал төмөндө:

Атамбаевдин бир тууганы менен кошо Кундуз Ажыбекова да УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына жеткирилгенин Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, Шаршенов Нурбек Атамбаевдин агасынын баласы. Аларды УКМКнын кызматкерлери Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнөн алып кеткен. Ошондой эле Жолдубаева өзү ИИМге  төртүнчү жолу суракка баратканын билдирген.

Нурбек Шаршенов банк кутучалары боюнча суралышы ыктымал…

Жогоруда сөз болуп жаткан Атамбаевдин агасынын баласы экс-президенттин мүлкү боюнча суракка чакырылышы мүмкүн. Себеби, ушул жылдын 23-июнунда, Биринчи май райондук соту 19-июндагы токтомдун негизинде, 2009-жылдан берки депозиттик эсептер жана банк кутучалары боюнча документтердин тизмесин жарыялаган. Ал тизменин ичинде Нурбек Шаршенов да жүргөн. Ал тизмени эсиңиздерге сала кетсек, алар:

1.Атамбаев Алмазбек Шаршенович,

2. Атамбаева Раиса Мирахмедовна,

3.Атамбаев Кадырбек Алмазбекович,

4.Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна,

5.Атамбаев Сеилбек Алмазбекович,

6.Атамбаев Сейитбек Алмазбекович,

7.Атамбаева Диана Алмазбековна,

8.Атамбаева Динара Алмазбековна,

9.Шаршенов Нурбек Валибекович,

10.Шагиева Луиза Фаритовна,

11.Шагиева Альбина Рамильевна,

12.Байбурин Артур Вилорович,

13.Байбурина Лилия Тавфиковна,

14.Рахмаджанова Жибек Манасовна,

15.Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна,

16.Бектимиров Раис Эрикович,

17.Шагиев Рамил Минахмедович,

18.Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич,

19.Пархати Субихи Вуфуерович,

20.Темирбеков Азиз Пайзуллаевич,

21.Ахмет Кая

22.Мусакеев Дамир Сагындыкович.

Видео, сүрөт: К.Ажибекованын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.