Атамбаевдин төрт тарапташына үч айып тагылып, камалышты

Атамбаевдин төрт тарапташына үч айып тагылып, камалышты

Бүгүн, 10-августта, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондун сотунда каралып, ага айыбы угузулду. Аларга Кылмыш кодексинин 244-беренеси («Адамды барымтага алуу»), 264-беренеси («Массалык башалмандык уюштуруу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча айып тагылып, 8-октябрга чейин камакта калышты. Тагырагы, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышты.

Эскерте кетсек, Ф.Ниязов 7-августта Атамбаевди кармоого барган УКМКнын “Альфа” кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелип, 8-августта (Атамбаев кармалгандан кийин) ИИМге алынып келип,  48 саатка камалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.