Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Жамандык кылгандар жакшылыктын кулуна айланып калсын!»

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Жамандык кылгандар жакшылыктын кулуна айланып калсын!»

Экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевич кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Мусулман элинин эң баалуу майрамдарынын бири болгон Курман майрамы — бул ушул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен маркумдарыбызга багышталган. Ошондуктан, бул жарыкчылыкта өмүр сүрүү менен катар эле аркы дүйнөдөгү бир боорлорубуздун жаркын элестерине дагы таазим кылып келебиз. Кыргыз элибиз эркиндикти сүйгөн, Мекенине күйгөн эл. Ушундай улуу күнү бул касиеттерибиздин кадыры кандай бийик экенин дагы бир жолу сезип атабыз. Ата-Журтубуздун тынччылыгын тилейли. Элибиздин зоболосу көтөрүлуп, ынтымак ыроолосун. Жамандык кылган же аны ойлогон адамдарыбыз жакшылыктардын кулуна айланып калышсын! Жаштарыбызга ыйман, карыларыбызга нысап буюрсун! Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу бир боорлорум!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.