Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!» 

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!» 

«Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы Текебаев Өмүрбек Чиркешович ар дайым кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктоону унутпайт! Бу жолу да биринчилерден болуп, кыргызстандыктарды эртеңки ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады. Анда мындай деп жазылган.

Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын мусулмандары!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, Жараткандын алдында ыйык милдетин аткарышат, дасторкон жайып, жакшы тилек, жайдары маанай менен тосуп алышат. Бул улуу күн – адамдардын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөгөн касиеттүү күн.

Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!
Жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашып, ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык зыяраттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин!
Өлкөбүз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун! Ата Мекенибиздин асманы ачык, жеринде тынчтык, элинде ынтымак жана биримдик орноп, бейпилдик өкүм сүрсүн!
Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.