Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылып, Атамбаевдин Алга Кылычы камалды (ВИДЕО)

Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылып, Атамбаевдин Алга Кылычы камалды (ВИДЕО)

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычев жана “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынганы бүгүн маалым болду. Аларды кечээ кармап кеткенин сыртта калган тарапкерлери социалдык тармактарга жазган. Алардын убактылуу камакка алынганын ИИМ бүгүн тастыктады.

Дагы бир Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылганы тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суралып жатат. Буга чейин ал эки жолу ИИМге сурак берип чыккан.

ИИМдин маалыматына таянсак, ИИМдин Тергөө кызматы “7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу” фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүүдө. Ошонун негизинде, буга чейин Атамбаевдин бир топ тарапкерлери суралды жана суралууда. Алардын арасынан КСДПнын штабынан өкүлдөрү Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев убактылуу кармалган.

Алга Кылычевди учкай тааныштыра кетсек, КСДПнын мүчөсү. Ал “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн, көп жолу “Атамбаевди мыйзамсыз кармоого жол бербейбиз”,-деп «Апрель» телеканалынан сүйлөгөн. Кой-Таштагы Атамбаевге арналган ар бир ишембиде өткөн концерттин автору. Аны Атамбаев өзү айтып, ага ыраазычылык билдирген. 7-августта барымтага алынган балдардын ал-акыбалын сурап, сүйлөткөн.  «Спутник» тарткан тасмадан көрө аласыздар!

Эскерте кетсек, 8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде ИИМ сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.