Айт намазга 2 миң милиция көз салат

Айт намазга 2 миң милиция көз салат

Бүгүн, 11-августта, Курман айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулат. Ага эки миңдей милиция көз салат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди. Алар аянттын айлана-тегерегине мобилдик өткөрүү пунктулары коюла турганын эскертти. Тыюу салынган буюмдар текшерилээрин эске алыңыз. Ошондой эле, ШИИББ эгер көйгөй жаралса, анда 102 номуруна чалса болоорун билдирди.

Саат канчада башталып, канчада бүтөт?

Иш-чаранын убакыт, сааты төмөндөгүдөй:

Саат 06:15 — 07:15. Аалымдардын шарият боюнча насыйкаттары;

Саат 07:15 — 07:35. Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдун куттуктоосу;

Саат 07:35 — 07:45. КР президент аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуйт. Андан кийин спикер Дастанбек Жумабеков менен мэр Азиз Суракматов сөз сүйлөйт;

Саат 07:45. Айт намазы башталат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.