Адилет АЙТИКЕЕВ: “Мирбекке кабатыр болгонуңарга рахмат. Бирок, жер суунун баарында менин сүрөтүм жүрөт”

Адилет АЙТИКЕЕВ: “Мирбекке кабатыр болгонуңарга рахмат. Бирок, жер суунун баарында менин сүрөтүм жүрөт”

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеевдин камакка алынган, алынбаганы билинбей жаткан. Бүгүн, 12-августта «Апрель» телеканалынын расмий сайты камакка алынып, соттун чечими менен 10-октябрга чейин камакта калганын жазып чыкты.

Мирбек Айтикеев учурда Америкадагы журналист Адилет Айтикеевдин бир тууган иниси. Ал иниси боюнча ага кайрылгандарга ыраазычылык билдирип “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты. Анда мындай деп жазылган: “Мирбек боюнча кабатыр болуп байланышканыңыздарга чоң рахмат! Маалыматты тактаганга мүмкүн болбой жатат… Маалымат каражаттары, маалыматтын өзүн тактай албасаңар дагы сүрөттү тактап койсоңор. Жер суунун бардыгында менин сүрөтүм жүрөт”.

Ага-ининин окшоштугу…

Адилет Айтикеев былтыр биздин (alakan.biz) сайтка кенен, кызыктуу маек куруп берген. Маек арасында иниси экөөнүн келбетинин окшоштугу боюнча да суроо болгон. Андай суроого мындай жооп болгон.

— Мирбек экөөңөрдүн келбетиңер аябай эле окшош. Мүнөзүңөр дагы окшошпу?

— Келбетибизди аябай окшоштурушат, бирок, окшоштук өзүбүзгө билинбейт. Иним экөөбүздүн мүнөзүбүз таптакыр эки башка. Мирбек кичинесинен мүнөзү татаал, бирок, адамдар менен тил табышуу жагынан кыйын. Мен болсо акылдуусунуп, өзүм теңдүүлөрдү теңиме албай, акыл үйрөтүп жатып балдар менен көп тил табыша албай калчумун.

Маекти толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.