Бүгүн Москвадагы ооруканага которулуп жаткан Курманкуловго коомчулук бата берүүдө…

Бүгүн Москвадагы ооруканага которулуп жаткан Курманкуловго коомчулук бата берүүдө…

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында, 7-августта Кой-Таштагы кагылышта башынан катуу жаракат алып, оор абалда ооруканага түшүп, эки жолу башынан операция болгон Чүй облустук милициясынын башчысы, полковник Самат Курманкулов бүгүн жубайы Аида Конкошева менен сапарга аттануу алдында турат.

Полковниктин дарылануусу Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантыларын Саламаттык сактоо министрлиги кечээ (11-августта) билдирген. Министрлик Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда Москвадагы Бурденко борборунан келген дарыгерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүлгөнүн, анын жүрүшүндө полковник Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоо кереги жок экени айтылган. Аны менен катар Курманкуловдун абалы турукташып калгандыктан, Москвага алып кетсе болоорун билдирген.

“Сакайып кет, Самат!”

Деп депутат Айнура Аскарова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. “Буйруса, бүгүн Самат Курманкулов келинчеги Аида Конкошева менен Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна сапар алышат. Москвалык дарыгерлер транспортировкага уруксат беришти. Жубайы күндөп-түндөп жанында… Аида, Кудай өзү колдосун! Өмүрлүк жолдошуңуз Саматыңызды сакайтып алыңыз! Биз жапа тырмак жараткандан тиленебиз! Самат 5 баласынын жакшылыгын көрүшү керек!”,-дейт депутат. Андай кабарды окуган коомчулук “жакшы кабар” деп, ак жол каалап, батасын берүүдө…

Тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.