ВИДЕО: Атамбаевдин үйүнөн машиналары алынып, анын учурдагы абалы айтылды…

ВИДЕО: Атамбаевдин үйүнөн машиналары алынып, анын учурдагы абалы айтылды…

УКМКнын тергөө абагындагы Алмазбек Атамбаевдин абалы боюнча социалдык тармактарда ар кандай ушак тарап кеткен. Айрым сайттар: “Ал өлгөнү жатыптыр”, “ээси ооп жыгылыптыр”,-деп да жазып жиберишкен. Ошондон уламбы, айтор, бүгүн экс-президенттин абалы тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” маалымат бериптир. Анын айтымында, Атамбаевдин абалы учурда эң жакшы, ал өзүн токтоо алып жүрөт.

Буга чейин, 10-августта С.Слесарев А.Атамбаевге эки жолу кирип чыкканын, абактын шарты канааттандырарлык экенин билдирген. Ошондой эле ал тергөө документтерине кол койбогонун айткан. Ал боюнча адвокат экс-президентке козголгон кылмыш иши мыйзамсыз болгондуктан, кол койбой коюуга акысы бар экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, Атамбаев 8-августта камакка алынган. Эртеси, 9-августта анын бөгөт чарасы (кримтөбөл Батукаев иши боюнча) Биринчи май райондук сотунда каралып, 26-августка чейин камакта калган. Буга чейин Атамбаевге 5 айыбын угузган Башкы прокуратура 8-августта Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, аскер адамын өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок, бул фактылар боюнча азырынча ага айып коюла элек.

Ал эми мүлктөрү алына баштады. Алсак, 9-августта Атамбаевдин үйүнөн брондолгон БМВ, “Лексус 570” жана “Инфинити” үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган. Бирок, ал Атамбаевдин өзүнө тиешелүү экени же экс-президент катарында мамлекет тарабынан колдонууга берилгени азырынча белгисиз экенин “Кактус” жазып, видеосун Ютубга жайгаштырган. Аны төмөндөн көрө аласыздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.