ВИДЕО: Бабанов үй-бүлөсү менен бактылуу… Алар Таласта түлөө өткөрдү…

ВИДЕО: Бабанов үй-бүлөсү менен бактылуу… Алар Таласта түлөө өткөрдү…

9-августта Орусиядан Бишкекке учуп келген экс-депутат Өмүрбек Бабанов кечээ, үй-бүлөсү менен Таласка кеткени кабарланган.  Бүгүн (12-августта) Таласта жүргөнүн анын партиялашы, депутат Мирлан Жээнчороев билдирди. Анын айтымында, Бабанов Таластагы айылына, ата-энесинин үйүнө барып, “Манас-Ордого” зыярат кылып, үй-бүлөсү, туугандары менен түлөө өткөргөн.

«Манас-Ордого» барган ВИДЕОну төмөндөн көрүңүздөр!

Эскерте кетсек, саясатчыга эки («2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» жана «бийликти басып алууга даярдык көрүү») деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал быйыл жазында, апрелде Кыргызстанга кайтыш үчүн учакка билет алганын айтып, бирок келбей калган. Бу жолу келээрдин алдында УКМК Бабанов келсе камалаарын эскерткен. Бабанов ага даяр экенин айтып, кайтып келген. Азырынча чакыруу кагазын ала элек.

Сүрөт: Мурат Соорбековдуку, видео «АКИпресстен» алынды

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.